Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жер сымал жети планета табылды


Астрономдордун маалыматы боюнча, бул планеталар күн системасына жакын, аларда Жердегидей шарттары бар. Кеминде үчөө суюктук түрүндөгү суунун болушун шарттаган бир жылдыздын айланасында тегеренип жылып жүрүшөт. Мындай жаңылыкты НАСАнын окумуштуулары жана бельгиялык эксперттер Nature журналына жарыялашты.

Астрономдор маалымат жыйынында билдиришкендей, жети планета тең көлөмү жана массасы боюнча Жерге окшош, рельефтери аскалуу.

TRAPPIST-1 деп аталган жылдыз Суукуяр жылдызынан 40 жарык жылдык аралыкта турат. Эгер бул планеталарда суу болсо, ал суюк болушу керек, бул анда жашоо болушуна зарыл нерсе экенин окумуштуулар белгилешет. Алардын айтуусунда, планеталардын көлөмү жана системанын жакындыгы аларды андан ары иликтөөгө мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG