Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

“Апамды издеп” фильми "Одноклассникиде" көрсөтүлөт


Фильмдин режиссеру Руслан Акун жамааты менен.
Фильмдин режиссеру Руслан Акун жамааты менен.

Кыргызстандык режиссер Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” жана “Апамды издеп” тасмалары "Одноклассники" социалдык тармагы аркылуу онлайн көрүүгө акысыз чыгарылат. Биринчи тасманы күйөрмандар быйыл көрө алышса, экинчиси 2018-жылы чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Одноклассники" сайтынын КМШ өлкөлөр менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Елдос Кулумбетов билдирди. "Одноклассники" сайтынын коммуникация боюнча директору Анастасия Жбанованын ырасташынча:

-“Апамды издеп” фильми биринчи жолу онлайн "Одноклассники" сайты аркылуу көрсөтүлөрүнө биз кубанычтабыз. Бул фильмге кызыгуу биздин колдонуучулар арасында аябай чоң. Трейлер 2,4 миллион жолу көрүлүп, 24 миң жактырууга ээ болгон”.

"Одноклассники" — Орусия жана КМШ өлкөлөрү боюнча 73 миллиондон ашуyн колдонуусу бар социалдык тармак. Айына бул сайтты Кыргызстандан 1,4 миллион адам колдонот. (LzT)

XS
SM
MD
LG