Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

АКШ: "Ал-Каиданын" каркыны сынды, коркунучу кайта элек


Пакистан -- Талиптер Бунер районунан кетип жатышат.
Пакистан -- Талиптер Бунер районунан кетип жатышат.

Батыш өлкөлөрү жана АКШ үчүн баштагыдай эле "Ал-Каида" башкы коркунуч бойдон калды, Пакистандын ар түрдүү уруулар байырлаган аймагы анын негизги базасына айланды. АКШнын мамлекеттик департаменти даярдаган жаңы докладда ушундай тыянак жасалган. Иран бу саам да террорчулардын активдүү колдоочусу катары аталган.

Мамлекеттик департамент соңку кездерде "Ал-Каиданын" лидерлери,алардын ролу бир топ начарлады деп эсептейт.

"Усама бин Ладен менен анын орунбасары Айман ал-Завахири ушу тапта террордук иштерди жетектегенден көрө аларга байкоочулук кылганга гана жарап калышты,бул өткөн жылдын экинчи жарымына өзгөчө мүнөздүү көрүнүш болду окшойт",-деп айтты доклад менен тааныштырып жатып мамдепартаменттин өкүлү Роналд Шличер.

Ошол эле учурда документте "ал-каидачылар" мурдагы күчүн анча-мынча чыңдаганга жетишкени да белгиленет. Өткөн жылы алардын тарапкерлери Ооганстанда активдешкени байкалды. Бирок негизги базасын Пакистандын түндүк-батышындагы уруулар аймагына которушту,ошо себептен бул өлкөдө кооп-козголоң күч алды. Мурдагы жылы Пакистанда 900дөй террордук кыянат-кылмыштар жасалса, былтыр алардын саны 1800гө жетти жана 2300дөн ашуун бейжазык адамдын өмүрү кыйылды.

Жалпысынан былтыр дүйнөдө террордук иштердин саны кыскарды,өзгөчө европалык өлкөлөр коопсуздук структураларын чыңдаганга жетишти. АКШ менен Россия да бул чөйрөдө кызматташтыгын улантышты.Бирок былтыр орус бийликтери террорчулардын айрым пландарын озунуп ооздуктай алышкан жок.

Докладда Латын Америкасындагы куралдуу топторго Куба активдүү колдоо көрсөткөнүн токтотту,ошол эле учурда айрым террористтерге баш калка берген практикасын улантып жатат деп көрсөтүлөт.

Иранды АКШ кайрадан дүйнөдөгү терроризмдин активдүү колдоочусу деп атаган. Тегеран, мамдептин ишениминде, Ливанга, Иракка,Ооганстанга жана Палестин автономиясына кийлигишип, жалпы Перси булуңундагы тынчтык процессине,экономикалык стабилдүүлүккө бүлүк салып жатат. Атүгүл Орто Азиядагы террордук аракеттерди пландоого жана финансылоого катышат.

Булардын баарын тымызын жүзөгө ашырып жаткан орган катары документте Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма бөлүгү – "Ал-Кудс" отряды аталат.

"Ал-Кудстын" күчтөрү Иран активдүү таасир көрсөткүсү келген аймактардагы бүлгүнчүл иштерге жана террордук аракеттерге каркап тартылган, - деп айтты мамдептин өкүлү. – Ирандыктар дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да таасирин кеңейткенге умтулабы деп кооптонобуз".

Бу жагынан Ирандын иркектеши катары докладда Сирия айтылат. Ал эми Түндүк Корея жакында атомдук программасын токтоткондон айнып, Йонбендеги ишканасында плутоний өндүрүү процессин кайра баштаганына карабастан мамдептин "кара тизмесине" бу жолу киргизилген эмес.

Докладга азырынча Куба менен Иран гана кескин каяшасын билдиришти.

Бу күндөрү Гаванада жүргөн иран тышкы иштер министри Манучехр Моттаки: "Абу- Грэйб жана Гуантанамо түрмөлөрүндө жасаган иштеринен соң АКШнын башка өлкөлөрдү сынга алып, аларга баа бергенге дегеле моралдык акысы калган жок",-деп айтты.

XS
SM
MD
LG