Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Британ полициясы кол салууга байланыштуу жети кишини кармады


Лондондогу теракт
Лондондогу теракт

Британ полициясы шаршемби күнкү кол салууга байланыштуу жети кишини камакка алды. Терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Марк Роули Лондон, Бирмингем жана башка алты жерде тинтүү жүргөнүн айтып, андан башка кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

22-мартта Лондондун борборунда, парламент имаратынын жанында белгисиз бирөө машинасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган.

"Мендеги акыркы маалыматтар боюнча жок кылынган террористти кошкондо төрт адам өлдү. Жарадар болгон 29 адамдын жетөө оор абалда", - деди Роули.

Полиция окуяны радикал исламчыларга байланышы бар теракт деп баалоодо. Чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бейшембиде британ парламенти ишин улантты. Дүйнө лидерлери кол салууну айыптап, британ премьерине жана жакындарын жоготкондорго көңүл айтууда.

Акыркы жолу Лондондо 2005-жылы теракт болгон. Анда метродо үч поезд жана бир автобус жардырылып, 52 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG