Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Жо Байдендин визити жана Балкан сербдеринин таарынычы


Сербия: Премьер-министр Мирко Цветкович АКШ вице-президенти Жо Байденди тосуп алууда. Белград, 20-май.
Сербия: Премьер-министр Мирко Цветкович АКШ вице-президенти Жо Байденди тосуп алууда. Белград, 20-май.

АКШ вице-президенти Жо Байден шаршембиде Сербияга келди. Белградда Байден серб жетекчилиги менен сүйлөшчү талуу маселелердин бири - Косово темасы болот деп күтүлүүдө. Былтыр Косово өз эгемендигин жарыялаганда, АКШнын саясий жараянды колдоосу сербдерди катуу нааразы кылган.

Вице-президент Жо Байден акыркы чейрек кылымда Сербияга ырасмий сапарга келген АКШлык бийик даражалуу ырасмий адам. НАТОнун аба күчтөрү 1999-жылкы Косоводогу татаал гуманитардык жагдай учурунда Белградды бомбалаганга жана АКШ Косовонун эгемендигин колдогонго байланыштуу Жо Байдендин визитин коомчулук салкын кабыл алды.

Байден өзү да шейшемби күнү
Жо Байден согуш бөлгөн Балкан элдерин жараштыра алабы? 19-май. Сараево аэропорту.
"Кошмо Штаттар Сербия менен жаңы жана бекем мамиле курууну каалайт."
АКШнын вице-президенти
Жо Байден.
Боснияда болгондо сенатор кезинде Сербиянын саясатына ачыктан сындап жүргөнүн мойнуна алуу менен «Кошмо Штаттар Сербия менен жаңы, бекем мамиле курууну каалайт» деди.

Азыркы серб өкмөтү өлкөнү Евробиримдикке кошууга аябай дилгир. Бирок дипломаттардын жана кээ бир талдоочулардын айтышынча, Белграддын 1990-жылдардагы Балкан согушу учурундагы ролу сербдердин Батыш дөөлөттөрүн кабылдоосуна жана Биримдикке интеграциялануусуна жолтоо болууда.

Байден Сараеводогу сөзүндө Косовонун эгемендүүлүгү Балкандагы туруктуулук жана прогресс үчүн өтө маанилүү экенин, эртеби-кечпи Белград Косовонун күнкорсуздугун тааныйт деген үмүтүн айтты:

- Биз жакын арада Сербия Косовону тааныйыт деп күткөн жокпуз. Бирок Белград Евробиримдик жана башка региондогу эл аралык маанилүү оюнчулар менен Косово боюнча кызматташат, ошондой эле өз элинин, сербдердин жана албандардын жашоосун жакшыртчу маселелерди чогуу чечет; аларды саясый келишпестиктин курмандыгына садага чаппайт деп ойлойбуз.

Айрым серепчилер АКШнын вице-президентинин Балкан өлкөлөрүндөгү үч күндүк сапары Вашингтон регионго өзгөчө маани бергенин даңазалайт дешет. Бизера Туркович-Сараеводогу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору:

- Менимче, Байден кырдаалды жакшы билгендиктен куру убадаларга канаат кылбайт. Визит бардык ишенбөөчүлүк, тоготпоочулук, көп сандаган куру убадалар, улутчулдукка чекит коюлуш керек экенин жышааналайт. Визит Босния үчүн да маанилүү. АКШ жана Евробримдик чогуу иштөөгө даяр. Биримдикке АКШ жардам берчү ишенимдүү өнөктөш. Бул да Байдендин визитинин символу.

Байдендин визити алдында Конгресстин Өкүлдөр палатасы Боснияны конституциясын реформалоого жана Балкан боюнча атайын чабарман дайындоого чакырган резорлюция кабыл алган.

АКШ 1990-жылдардагы согушта бөлүп жарылган Балкан элдерин элдештире албайт дегендер да бар. Алардын бири “Баня Лукалык
Жо Байдендин визитине каршы уюшулган Баня Лукада нааразылык акциясы. 19-май. Босния-Герцеговина.
согуш ардагерлери” уюмунун башчысы Горан Рогич:

- Биздин оюбузча, Кошмо Штаттардын саясаты адилеттикке жана өз ара элдешүүгө жардамдаша албайт. АКШ сунуш кылган бирдиктүү мамлекет идеясын бул жакта эч ким жактабайт.

Босния-Серб согушун ардагерлери Босниянын курамындагы Серб Республикасында Байдендин визитине каршы шейшемби күнү демонстрация уюштурушкан.

Серб Республикасынын премьер-министри Милорад Додик болсо Босния федерациясынын бийлик укугун Серб автономиясынын эсебинен кеңейтүү менен борбордук бийликти бекемдөөгө ачыктан ачык каршы жана Босниянын конституциясын реформалоо идеясын уккусу жок.

XS
SM
MD
LG