Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Обаманын анттан кийинки алгачкы иш күнү


АКШ президенти Барак Обама бүгүнкү алгачкы иш күнүн экономикалык кеңешчилери жана аскерий жетекчилер менен жолугушуудан баштаганы жатат. Каржы кризиси, Ирак менен Ооганстандагы согуштар кечээ АКШнын 44-президенти катары ант берген Барак Обаманын алдында турган башкы маселелер.

АКШнын кырк төртүнчү жана биринчи ындыкара президентинин ант берүү аземине Вашингтондун өзүндө эле эки миллиондой адам күбө болду. Ант берүү салтанаты кечинде майрамдык баллдар менен аяктады. Президент менен биринчи айым Мишель Обама мындай бий кечелеринин онуна катышты.

Бүгүн - жаңы президенттин Ак үйдө биринчи жумушчу күнү. Кечээ инагурациялык сөзүндө Барак Обама АКШ олуттуу көйгөйлөргө кептелип турганын мындайча эскерген эле:

- Биз кризисте экендигибизди жакшы түшүнөбүз. Өлкө жек көрүүчүлүк менен зомбулуктун алыстагы түйүнүнө каршы согушта. Экономика алсырады. Бул бир жагынан айрымдардын ачкөздүгү менен жоопкерсиздигинен, бирок ошондой эле биздин оор тандоолорду жасоодон жапырт баш тартканыбыздан жана өлкөнү жаңы мезгилге даярдай албаганыбыздан болду. Көп кишилер үй-жайын, жумушун, бизнесин жоготту. Биздин саламаттыкты сактообуз өтө эле кымбат жана ар бир күн энергияны колдонуудагы биздин ыкмалар душмандарыбызды чыңдап, планетага коркунуч туудурганы боюнча жаңы далилдерди алып келүүдө.

Барак Обама өзү айткан көйгөйлөр акыр-аягында чечилерин убада кылды, бирок жеңил-желпи жана кыска убакытта болбой турганын моюнга алды. Өзгөчө экономиканын маселелерине токтоосуз киришерин айтып өттү:

- Биздин мүмкүнчүлүктөр мурдагыдай эле эбегейсиз. Бирок биз бир эле жерди таптоого жол бере албайбыз. Биз тар чөйрөнүн эле кызыкчылыктарын коргоп, оор чечимдерди таштап койо албайбыз. Бул учур өтүп кеткени айныксыз. Бүгүнкү күндөн тарта биз жыйналып, силкинип, Американы курууга кайрадан киришүүбүз керек.

Барак Обама ант берген күнү Нью-Йорк биржасында акциялардын арзандоосу уланып, Уолл –Стриттин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири Доу-Жонс 4%га төмөндөдү. Төмөндөө бүгүн Азия менен Европанын биржаларында орун алды.

Барак Обама ант бергендеги сөзүнүн тышкы саясат менен коопсуздук маселелерине арналган бөлүгүндө АКШ Иракты анын элине пландуу жана жоопкерчилик менен өткөрүп берерин, Ооганстанда кыйынчылык менен жетишилген тынчтыкты чыңдаарын, эски достор, мурдагы душмандар менен өзөктүк куралдын жана глобалдык жылуулуктун коркунучун азайтуунун үстүнөн талыкпай иштерин белгиледи.

Ал эми өз максатына террор менен жетүүгө аракеттенгендер АКШны сындыра албасын, алар жеңилерин эскертти. Мусулман дүйнөсүнө кайрылып, Обама буларга токтолду:

-Мусулман дүйнөсүнө биз өз ара кызыкчылыктардын жана урматтонун негизинде алдыга жылуунун жаңы жолдорун издейбиз. Ал эми жаңжалдын уругун сээп, же өз коомдорунун илдети үчүн Батышты күнөөлөп жаткан дүйнө лидерлерине, силердин эл силерге бузганыңар эмес, курганыңар үчүн баа берет деп айтабыз. Бийликке коррупциянын, алдоонун, башка ойлонгондордун добушун өчүрүү менен жармашкандарга билип койгула, силер, тарыхтын тескери тарабындасыңар деп айтабыз. Бирок эгер силер муштумуңарды жазсаңар, биз кол сунууга даярбыз.

Барак Обама ант бергендиги сөзү учурунда белгилегендей, АКШ жакыр өлкөлөр менен алардын тургундарынын "ичкен суусу таза болуусу" үчүн бирге иштешет. Ал эми өзү сыяктуу салыштырмалуу оокаттуу жашаган өлкөлөргө АКШ "мындан ары биздин чек аралардын сыртындагы азаптарга көңүл кош боло албайбыз, кесепеттерин ойлонбой туруп, дүйнөнүн ресурстарын да пайдалана албайбыз, дүйнө өзгөрдү, аны менен кошо биз да өзгөрүшүбүз керек", - деп айтат.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Вашингтодогу кабарчыларынын билдиргенине караганда, өлкөнүн жаңы президентинин ант берүү аземине келгендерде толкундануу сезими абдан күчтүү болду. Вашингтонго алыскы Аляскадан келген Жон Айкин биздин кабарчыга мунун себебин төмөнкү эле эки сөз менен түшүндүрдү:

- Себеби алар өзгөрүүнү каалоодо, биз да өзгөрүүнү каалайбыз.

Ал эми жаңы президент кызматка киришкенден бир нече сааттан кийин эле анын администрациясы аскерий прокурорлорго террорчулукта шектелип, Гуантанамодогу түрмөдө отургандардын үстүнөн жүрүп жаткан сот жараяндарын 120 күнгө токтото турууга көрсөтмө берди. Мындай өтүнүчтү эми прокурорлор сотко жолдоосу керек. Обама шайлоо өнөктүгү учурунда АКШнын адам укуктары жаатындагы беделине олуттуу доо кетирди деп эсептелген Гуантанамо түрмөсүн жабууну убада кылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG