Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитети 13-январда Мамлекеттик катчылыкка сенатор Хиллари Клинтонду бекитүү маселесин карады. Клинтондун билдиргенине караганда, ал бул кызматта Иран менен Сирияны "коркунучтуу жүрүм –турумунан баш тартууга" ынандыруу аракетин көрмөкчү.

АКШнын Сенаты Хиллари Клинтонду Мамлекеттик катчылыкка, эң эрте дегенде шайланган президент Барак Обама кызматка расмий киришүүчү күн - 20-январда бекитери күтүлүүдө. Иран, анын өзөктүк программасы жана чөлкөмдүк таасиринин өсүүсү Клинтон жана анын командасы үчүн тышкы саясаттагы негизги көйгөйлөрдүн бири болот. Бул тууралуу ушул күндөрү эле Барак Обаманын өзү да айтып өттү:

-Иран - АКШнын Улуттук коопсуздугуна нукура коркунуч. Бирок мен муну менен бирге улуттук коопсуздук боюнча максаттарыбызга жетүүнүн механизми катары дипломатияны баштоого ниеттүү болушубуз керектигибизди да айттым.

11-январдагы телеинтервьюсунда Барак Обама анын администрациясы Иранга карата жаңы мамилени карманарын жана ал карым -катышты да камтырын кайталады.

Ал эми болочок Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон 13-январда Сенаттын тышкы байланыштар комитетиндеги сөзүндө жаңы администрациянын тышкы саясий багыты тууралуу буларга токтолду:

-Биз "акылдуу бийлик" деп аталганды колдонушубуз керек. Биздин карамагыбызда ыкмалардын кеңир чөйрөсү бар: дипломатиялык, экономикалык, аскерий, саясий, укуктук жана маданий. Ыкманы же ар бир кырдаал үчүн ыкмалардын айкалышуусун туура тандоо. "Акылдуу бийлик" менен дипломатия биздин тышкы саясаттын авангарды болот. Шайланган президент жана мен тышкы саясат жалгыз эле катаал идеологияга эмес, принципиалдуулук менен прагматизмге, эмоцияга жана жок нерсеге ишенүүгө эмес далилдер менен фактылардын айкалышына негизделиши керек деп эсептейбиз. Биздин коопсуздугубуз, жашоого туруктуулугубуз жана азыркы дүйнөдөгү лидерлигибиз талашсыз фактыны - биз бири-бирибизге көз каранды экендигибизди таанууга милдеттендирет.

АКШ Иранды жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатканы, Ливандагы Хезболла, Палестинадагы Хамас топторуна курал жагынан жардам бергени үчүн айыптап жүрөт. Расмий Тегеран болсо мындай дооматтарга макул эмес. Өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн, ал эми жогорудагы топторго моралдык гана колдоо көргөзөрүн айтып келе жатат. Бул аралыкта Ирандын аймактагы таасири өсүүдө. Көпчүлүк талдоочулар мунун жүйөөсүн Ирак менен Ооганстандагы согуштун натыйжасынан көрөт.

Айрым аналитиктердин пикиринде, эми Вашингтондун Иранга карата жаңы стратегиясы ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжаалдын бир бөлүгү же аны чечүүнү бир бөлүгү катары караларына көз каранды болот.

Алдыдагы эң чоң маселелердин бири - жаңы администрация Иран менен түз дипломатиялык байланыш түзөр-түзбөөсү, түзсө деңгээли кандай болору. Буга чейин жаңы администрация ишара жасап, Тегеранга дипломаттарды жөнөтүүсү мүмкүн деген жоромолдор болду.

Хиллари Клинтон Мамлекеттик катчы катары Тегеранда АКШнын кызыкчылыгын коргоочу мекеме ачуу жөнүндөгү сунушту ишке ашырабы-жокпу, бул азырынча белгисиз. Мындай план Буштун администрациясында талкууланып, бирок чечим кабыл алуу жаңы президентке калтырылган. Мындан сырткары Обаманын администрациясына Жорж Буш тарабынан Иранга карата жактырылган делген жашыруун операцияларды улантып- улантпоону да чечүүсү керек.

Көпчүлүк эксперттер жалпысынан АКШнын жаңы администрациясы Иран менен агрессивдүү дипломатия жүргүзөрүн, чоңураак "сабиз" менен бирге "чоңураак" шапалакты колдонорун күтүшүүдө.

Расул Нафизи - Иран боюнча эксперт, Вашингтондо жашайт. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде, Иран катаал санкцияларга, анын ичинде Барак Обама шайлоо өнөктүгү учурунда сунуш кылгандай, мунай экспортунун блокадаланышына кабылышы мүмкүн экенин белгиледи:

-Иран менен иш кылууда катаал чаралар колдонулчудай. Мурдагыдан айрымаланып, аскерий жол менен чечүүгө ыктоо аз, сүйлөшүү көбүрөөк болот. Эгер эки тарап макулдашууга жете албаса, артынан санкциялар менен коштолот.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, алар Обаманын байланыш орнотуу жөнүндөгү сөздөрү АКШнын Тегеранга карата саясатындагы маанилүү өзгөрүүлөргө алып барар-барбасына байкоо салып турушат. Министрликтин маалымат катчысы Хасан Кашкави 12 –январда, эгер реалдуу өзгөрүү болсо, Иран да өз учурунда ошого тең келген чараларды көрөрүн белгилөө менен төмөнкүлөргө токтолду:

-Биз бул өзгөрүү кандай формада болорун байкарыбызды көп айттык. Бул АКШнын Иран ислам республикасы менен алакасында же жүрөм –турумундагы чындап, түп –тамырынан берки өзгөрүүбү же жокпу?

Азыркыга чейин эл аралык коомчулуктан обочодо калуу, БУУнун санкциялары, АКШ тарабынан Ирандын банктарына каршы көрүлгөн чаралар Тегеранды уран байытуу програмасынан баш тартууга ынандыра албады.

Эгер Кошмо Штаттардын жаңы жетекчилиги Тегерандын багытын өзгөртүү үчүн жаңы чараларды көрсө, уран байытуу маселесинде "кызыл сызыктан" кесип өтүүгө болбой турганын айтып келе жатышкан ирандык бийликтер аталган программасынан баш тарта алабы? Бул да азырынча белгисиз. Тегеран университетинин саясий илимдер боюнча профессору Ахмад Нагибзаде Иран тараптан өзгөрүү болоруна анчалык деле ишенбейт:

-Ислам республикасы ийкемдүүлүктү көргөзбөйт жана багытты өзгөртпөйт. Иран лиделери эл аралыук коомчулук ислам респбликасын болгон калыбында кабыл алуусу керек деген бекем ишенимде. Сүйлөшүүнү дипломатияны жактаган өкмөт, ийкемдүүлүктү көргөзүшү керек. Азыркы өкмөт -иделогиялык өкмөт. Алар бизди кандай болсок ошондой кабыл алуусу абзел, ийкемдүүлүктү экинчи тарап көргөзүшү керек деп эсептешет.

Ал эми башка баяндамачылар кайсыл багытты тандоо керектиги боюнча ушу тапта расмий Тегерандын өзүндө мунаса жок экенин айтышат.

Барак Обама президенттикке шайланганда, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад куттуктоо жолдогон, бирок өлкөнүн диний лидери, мамлекеттик маселелерде акыркы сөздү айтуучу аятолла Али Хаменейи үн каткан жок.

Ирандын расмий чөйрөлөүндөгү ой-жүгүртүүнүн дагы бир далили - жарым расмий Фарс жаңылыктар агенттиги 12-январь күнү аятолла Хаменейинин өлкөдөгү таасирлүү орган – Ислам революциясынын сакчылар корпусундагы өкүлү Али Ширазинин "Ирандагы жибек ыңкылап, душмандын күн тартибинде калууда" деген сөздөрүн таратты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG