Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

АКШ: Экономиканы колдоо программасына нааразылар пайда болду


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама

АКШдагы эң чоң камсыздандыруу компанияларынын бири болгон “Америка эларалык бирикмеси” (AIG) компаниясы өкмөттүн экономиканы колдоо программасына ылайык федералдык казынадан 170 миллирд доллардан ашык жөлөк пул алган.

Компаниянын маалыматына ылайык, элдин чөнтөгүнөн топтолгон ал каражаттын 165 миллион доллары келишимде көрсөтүлгөндөй “сыйлык” катары компания жетекчилерине төлөнгөн. Мындай маалымат өз кезегинде коомчулукта кыжырланууну пайда кылды.

Президент Барак Обама компания жетекчилерин “сыйлоо” чечимин өзүм билемдик жана ээн баштык катары баалады. Анын айтымында, бул - биринчиден акча эмес, баалуулуктар маселеси:

“Өзүн ушундай алып жүргөн компанияга жардам бергиле деп АКШнын салык төлөөчүлөрүнө кантип айтабыз. Бул - өзүнүн акылсыздыгы жана сараңдыгынын айынан каржылык кыйынчылыкта калган корпорация. Ушундай абалды эске алганда, бул корпорация кандай жүйөгө таянып жетекчилерине 165 миллион доллар “сыйлык” берүүнү чечкенин түшүнүү кыйын. Мындай өзүм билемдикти алар салык төлөөчүлөргө кантип түшүндүрүшөт. Компанияны дал ошолор кармап турбайбы.”

Обаманын айтымында, бул ишти иликтеп чыгуу боюнча ал каржы министри Тимоти Гейтнерге тапшырма берип, төлөнүп кеткен каражаттарды кайра кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну буйурган:

“Өткөн алты айдын ичинде бул компания (AIG) АКШ казынасынан кыйла чоң суммада каражат алган. Мен министр Гейтнерге бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, сыйлыктардын жолун бууш үчүн ага уруксат берген ар бир юридикалык кагаздарды дыкат кароону тапшырдым.”

Жакында эле дайындалган AIG компаниясынын башкы директору Эдвард Лиддинин айтымында, келишимдерге кол коюлуп кагандыктан алардын 2008-жылдын сыйлыктарын төлөөдөн башка аргалары жок болчу. Бирок Лидди каржы министри Гейтнерге жазган катында, 2009-жылга карата төлөө системасы өзгөргөнүн, эми сыйлыктар берилбей турганын айтат.

Обаманын башкы кеңешчиси Дэвид Акселроддун ишениминде, бийликтин жана коомчулуктун жектөөсүнөн кийин компания жетекчилери алган сыйлыктарын жеке каалоолору менен артка кайтарышы да ыктымал.

XS
SM
MD
LG