Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Р.Жээнбеков: Шайлоодо Обаманын мүмкүнчүлүгү жогору


Эртең, 4-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болот. Учурда АКШда жашап жаткан мурдагы мамлекеттик ишмер, саясатчы, быйыл бул өлкөдөгү Масачусец технологиялык университетинин бүтүргөн Равшан Жээнбековду “Азаттыктын” таңкы түз обосунда ушул шайлоонун тегерегинде кепке тарттык.

- АКШда эртең боло турган шайлоо кыргызстандыктардын дагы көңүл борборунда болууда. Америкада жашап жана окуган адам катары сизге айкыныраак болсо керек, азыркы талапкерлердин кимиси утууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп ойлойсуз?

- Азыр Барак Обаманын мүмкүнчүлүгү бир аз жогору. Бирок ошентсе дагы эч ким азыр акыркы жыйынтыгын алдын ала айталбай турат.

- АКШ менен Кыргызстандын мамилеси кандай болот деген суроо дагы көпчүлүктү түйшөлдүрүп турган учур. Сурамжылоо учурунда кыргызстандык жарандардын айрымдары Барак Обама келсе Ирактагы согушту токтотот экен деп, аны жактаган учурлары бар. АКШдагы жарандардын өзүлөрүнүн ойлору кандай, сиздер сүйлөшүп, пикирлешкен учурларда?

- Алардын деле ою ушундай, азыр Барак Обама диполоматиялык жол менен маселелерди чечем деген адамдардын бири, ал эми Маккейн болсо Американын күчүн чет элдик саясатты жүргүзүүдө пайдаланабыз деген талапкер болуп эсептелет.

- Дегеле бардык эле ММКларда жазып жатышат, Америкадагы шайлоону алдын ала сиз айткандай айтып болбойт, ошол окуя шайлоо күнү өзгөрүп кетиши мүмкүн деп. Ушундай күтүлбөстүктөр болуп кетиши мүмкүнбү?

- Анткени мурда дагы демократтардын талапкерлери 5 пайыз алдыда келатып эле утулуп калышкан. Ошондуктан азыр мурдагы болгон үлгүдө карап атышат. Ошентсе дагы көп аналитиктердин айтуусуна караганда, Барак Обама жеңиши керек.

- Эми Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу сөз кылалы. Сиз кабардар болушуңуз керек, бир катар оппозициялык күчтөр президент Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсүн талап кылмакчы болуп атышат. Сиздин пикириңиз кандай, бул жолу дагы 2005-жылы март окуясындагыдай, сиз дагы ошол кезде оппозициянын катарында жүрдүңүз эле, бийликти алып түшүү мүмкүнчүлүгү барбы?

- Албетте, азыркы болуп аткан экономикалык, саясий, бардык кризистер оппозицияны жандандырып атат. Мен дагы ошол оппозициянын катарында туруп, алар көтөрүп аткан идеялардын бардыгын колдойм. Азыркы жасалып аткан бийликти өнүктүрүүнүн концепциясы дагы оппозиция тарабынан талкууланып атканы бул туура, анткени биз келечегибизди аныктабай туруп, мамлекет башчысын алмаштырган бул туура эмес экенине көзүбүз жетти.

- Буга чейин айтылып келди эле, 2006-жылкы ноябрь айындагы митингдердин, 2007-жылдын апрель митингдеринен кийин элдин оппозицияга болгон ишеничи кетти деп. Эми бул жолу эл оппозицияны ээрчишине көзүңүз жетеби?

- Сөзсүз түрдө көзүм жетет. Анткени азыркы бийлик 3 жарым жылдын ичинде бир дагы жакшы өзгөрүүлөрдү, мамлекетибизге жакшынакай идеяларды жана баалуулуктарды алып келе алган жок. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү оппозиция азыркы саясаттагы саясий лидер эле эмес, оппозиция бул - Кыргызстандын элинин 80-90 пайызы.

- Ошол эле учурда айрым оппозициялык саясатчылар Кыргызстандан чыгып кетип жаткан учурлары бар. Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан оппозициячыл саясатчылардын дагы аттарын угуп жүрөбүз. Сиз айтсаңыз, ушул тушта Америкада жүрөт деп айтылып жаткан Болот Шерниязов менен сиздин байланышыңыз барбы, жолугуша алдынызбы?

- Азыр биздин көп эле саясатчылар кандайдыр бир криминалдык бийликтин кысымына чыдабай чет мамлекеттерге кетип атат, Ошолордун бири – мен. Өткөндө Клара Кабилова айтып кетпедиби, кландык-криминалдык бийлик келди деп. Ооба, бардыгы менен байланышым бар, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов, Болот Шерниязов жана башкалар менен байланышып атам, алардын бардыгы азыр Америкага келип- кетип атышат. Ал адамдарга мен ишенем, алар мамлекетибизди жакшы жака өзгөрткөнгө аракет кылып аткан адамдардан болуп эсептелет.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG