Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

“Манас” аэропортундагы чек арачылар жемкорлукка айыпталууда


"Манас" аэропорту. Чет элден келгендерди текшерип өткөрүү жайы. Сүрөттөгү кишилердин окуяга тиешеси жок.
"Манас" аэропорту. Чет элден келгендерди текшерип өткөрүү жайы. Сүрөттөгү кишилердин окуяга тиешеси жок.

"Манас" аэропортундагы чек арачылар чет элдик жарандан 300 доллар пара алган деп айтыпталууда. Башкы прокуратура билдиргендей, Кыргызстанга келген башка мамлекет жаранында виза болгон эмес. Аны өткөрүп жиберүү үчүн чек арачылар пара алышканы аныкталган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу), 313-беренеси (акча өндүрүү), 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы жагдай иликтенип жатканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG