Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Болот Жанузаков: Америка гегемониялык саясатын токтотууга тийиш


Барак Обаманын АКШ президенттигине шайланышы, анын мындан аркы саясаты кандай болоору тууралуу дүйнө коомчулугунда түрдүү пикирлер айтылууда. "Кут" партиясынын төрагасы Б.Жанузаков ушул маселенин тегерегинде “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

-Болотбек мырза, АКШдагы шайлоонун жүрүшүнө сиз дагы байкоо салган болушуңуз керек. Обаманын жеңиши алдын-ала маалым болуп турса да, баары бир дүйнөлүк коомчулук ал өңү буруу болгону үчүн өтпөй калуусу мүмкүн, деп кооптоонуп жатты. Бирок кечээки шайлоо АКШдагы демократиянын дагы бир артыкчылыгын көрсөттү окшойт, кандай дейсиз?

-АКШ дүйнөдөгү өнүккөн мамлекет болгондуктан, анда болуп жаткан саясий чоң окуяга чындыгында эле баарыбыз көз салып турбадыкпы. Экинчиден, Американын тышкы саясатынын кээ бир багыттары бизге бурулуп, бизге да тиешелүү болуп турат. Алардын бири –Кыргызстандын “Манас” аэропортунда аскерий аба базасынын жайгашышы эле буга күбө. Бул база да бизге өзүнүн кесепетин тийгизип атат. Үчүнчүдөн, бизде иш жүргүзүп жаткан ондогон бейөкмөт уюмдар бар. АКШнын кээ бир институттары менен чогуу иштешкен бул уюмдардын кыймыл-аракетин, жүргүзүп жаткан иштерин биздин коомчулук жакшы байкап турат. АКШнын ички саясатына биз дайыма саресеп салып, карап турбасак, анда болбой калат, деп ойлойм. Ал эми Барак Обаманын шайланышы –жалаң гана демократия эмес, ал ошол жерде 200 жылдан ашык калыптанып калган –АКШнын президентин шайлоонун жыдышы.

-Сиз АКШнын жаңы президентинен кандай кадамдарды, иш-аракеттерди күтөөр элеңиз? Ал азыркы президент Буш жасаган кандай кемчиликтерди оңдоого тийиш?

-Бөлөк бирөөнүн жүргүзүп жаткан саясатына жана ал жерде болуп жаткан саясий жараяндарга баа берүү өтө кыйын. Өзүбүздөгү жараяндарга баа бере албай жатып, бөлөк бирөөнү сындоодон мен алысмын. Ошондой болсо да Америка Кошмо Штаттарынын жаңы президентинин ички-тышкы саясаты, өзгөчө тышкы саясатта дүйнөлүк гегемониядан өзүн бир аз четтетпесе, анда дүйнөдөгү чакан, Кыргызстанга окшоп, жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир топ эле кыйынчылыктарды туудуруп коет. Кыргызстандагы кылган тышкы саясатынын кесепеттерин биз өз көзүбүз менен көрүп атабыз. Ошондуктан, жаңы президенттин иши, саясаты түз болсо деген эле ой.

- Алар кандай кесепеттер?

-Тагыраак айтсам, мобуреки эле биздин “Манас” аэропортундагы жайгашкан аскерий аба базасынын иштери. Канча жолу биздин коомчулук ушул база боюна өз ой-пикирин айтып чыкты. Бул базанын биздин экономикабызга, элибизге тийген залалдары болуп кетпедиби. Ошол жердеги аскер биздин жараныбызды атып өлтүрдү. Андан мурда машина менен келип, кырсык кылган учурлары бар. Ал эми иштетилбей калган авиабензинди талаага чачып жиберип, канча чуру-чуу көтөрүлдү? Мындай майда-чүйдө нерселерди айтып отурса, өтө эле көп. Ошол базадагы авиабензинди төгүп жиберүүдөн канча экологиялык жабыркоолор болду. Мына ушунун баарына чекит коюлушу керек.

-Маегинизге рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG