Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Обама жана Буш Ак үйдө алгач ирээт жолукту


АКШнын шайланган жана кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенттери Ак үйдө шайлоодон кийинки алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Анда Ирак менен Ооганстандагы согуш, экономикалык кризис өңдүү маселелер талкууланган.

Адатта АКШда шайланган жана кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенттердин Ак үйдөгү алгачкы расмий жолугушуусу бийликти өткөрүү жараяны башталганынын белгиси катары эсептелинет. Бирок эксперттер белгилеп жаткандай бул ирээт алардын жолугушуусу адаттагыдан тез, шайлоодон кийин бир аптага жетпеген мезгил ичинде уюштурулду.

Мындай шашылыштык өлкө четте эки согушту, ичинде экономикалык кризисти баштан кечирип жаткандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Дал ушул маселелер тууралуу кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Жорж Буштун өзү өткөн ишембиде, апталык радиокайрылуусунда айткан болчу:

-Мен шайланган президент Обамага телефон чалып, аны тарыхый жеңиши менен куттуктаган кезимде, ал Ак үйгө кирүүсүнө даярдык учурунда мен тараптан толук кызматташтык болорун айттым. Бул өткөөл мезгилди кынтыксыз ишке ашыруу менин кызматтагы калган мөөнөтүмдүн эң башкы приоритети. Биздин өлкө экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө, алар жаңы президент чечүүсү үчүн тыныгып турбайт. Ошондой эле бул президенттик бийликтин акыркы 40 жылы ичинде биринчи ирээт согуш учурунда өткөрүлүшү. Биз бизге кол салууну көздөгөн мыкаачы экстремисттер менен күрөшүп жаткан кезибиз жана алар бул өзгөрүү мезгилин Американын элине залал келтирүү үчүн пайдалануудан башканы каалабайт.

Шайланган президент Барак Обама да Демократиялык партиянын апталык радиокайрылуусунда, өз командасы ишке токтоосуз киришүүгө даяр болуууну көздөп жатканын билдирген:

-Биз азыркы учурда бизде бир гана президент бар экенин, биздин өкмөттүн лидери Жорж Буш экенин таануу менен бирге мен 20-январдан башталгыдай негиз түзүлүшүн кепилдөөнү каалайм, анткени бизде ашыкча убакыт жок.

Барак Обаманын кызматы мөөнөтү расмий түрдө келерки жылдын 20-январында ант бергенден тарта башталат. Жолугушуу учурунда азыркы президент Жорж Буштун жубайы Лора Буш болочок биринчи айым Мишел Обаманы Ак үйдүн алар 20-январдан тарта кеминде төрт жылга жашоочу жайлары менен да тааныштырды.

Айтор жаңы жана эски лидердин кечээги кездешүүсү эки команда ортосундагы жылуу мамилеге жана кызматташтыкка басым жасоочу иш-чара катары күтүлгөн. Эки тарап тең жолугушуу достук маанайда өтүп, жемиштүү болгонун билдиришти.

Анткен менен өткөөл жараян учурунда эки тараптын саясатындагы чоң айрымачылыктар жоголуп кетет жана азаят деп айтыш кыйын. Барак Обаманын өткөөл командасынын башчысы, кезинде президент Билл Клинтондун администрациясын башкарган Жон Подестанын өткөн апта соңунда маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, Обама Буштун жаңы администрациянын көз карашына каршы келген айрым жардыктары жокко чыгарат. Алардын арасында адамдын сөңгөк клеткаларына изилдөө жүргүзүүгө тыюу салуу, батыштагы Юта штатында мунай бургулоону баштоо жөнүндөгү чечимдер бар.

Ошондой эле кабарларга караганда, Барак Обаманын кеңешчилери террорчулукта шектелген чет элдиктер кармалып турган, АКШнын адам укутары боюнча четтеги беделине доо кетирди деп эсептелген Гуантанамо түрмөсүнө карата саясатты өзгөртүүнү пландоодо. Кубанын Гуантанамо аралындагы түрмө жабылып, ал эми шектүүлөрдүн иши АКШнын жарандык сотторунда каралат же алар үчүн башка сот түзүлүшү мүмкүн. Гуантанамону жабууну шайлоо өнөктүгү учурунда Барак Обама бир нече ирээт убада кылган. Шайланган президенттин тобунун айтымында, 250 адам отурган бул түрмө боюнча азырынча бир жаңсыл чечим кабыл алына элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG