Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:15

Жүргүзүлгөн сурамжылоого же экзит поллдорго негизделген божомолдорго караганда, демократ Барак Обама өз штаты Иллинойстон тышкары, Пенсильвания, Огайо, Нью –Гемпшир, Массачусетс , Нью - Жерси, Нью – Йорк, Мичиган, Мэриленд, Коннектикут, Деларвер шттатарында алдыда.

Бул Барак Обамага шайлоочулар коллегиясынын 200дөн ашуун добушун алууга мүмкүндүк берет. Ал эми республикачыл Жон МакКейн экзит -поллдорго негизделген божомолдорго боюнча Кентукки, Жоржия Алабама, Вайоминг, Түштүк Каролина, Теннеси Оклахома, Юта, Лузиана, Техас шттатарында алдыда бара жатат. Бул ага шайлоочулар коллегиясынын 130дай добушун алууга мүмкүндүк берет.

Президенттик шайлоодо жеңип чыгуу үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 өкүлдүн кеминде 270нин добушу талап кылынат.

Шайлоочулар коллегиясынын курамы өлкөнүн 50 штатынын жана борбор Вашингтондун өкүлдөрүнөн турат.

Ал эми шайлоонун өлкө боюнча жыйынтыктары алдыдагы сааттарда, штаттарда шайлоо бекеттеринин жабылышына жараша билинмекчи. Акыркы шайлоо бекеттери АКШнын батыш жээгиндеги штаттарда Бишкек убактысы боюнча саат 11:00до, Аляскада 12:00до жабылат.

Коомдук пикирди сурамжылоонун дээрлик баарынын шайлоо алдындагы жыйынтыктары жыйынтыктары демократ Барак Обама, атаандашы республикачыл Жон МакКейнден алдыда экенин көргөзгөн.

Бул жолку тарыхый шайлоодо 100 миллиондон ашуун адам добуш берери күтүлгөн. Маалыматтар добуш берген америкалыктардын саны бул ирет рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн экенин ишара кылууда.

Кабарларга караганда, добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын узакка кезек күтүүсү, добуш берүү машиналарынын бузулушу өңдүү айрым проблемалар болду. Бирок жалпысынан добуш берүү текши жүрүүдө.

Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, америкалыктар азыркы шайлоонун башкы маселеси катары экономиканы аташкан. Америкалыктар азыр президент менен Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын баардык 435, ал эми Сенаттын үчтөн бирин же 35 мүчөсүн да тандап жатат. Божомолдорго караганда, демократтар Конгресстин эки палатасында көзөмөлдү сактап калары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG