Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

АКШнын акчасын Кабул кайда сарптап жатат?


Ооганстандын башкы прокурору Искак Алко америкалыктардан жардамга келген акчаны энчилеп алган менчик банктын башчысын коргоп, аны "кадырлуу бизнесмен" деп атады жана аны камакка алууну талап кылган АКШ элчисинин сунушун четке какты.
Ооганстандын башкы прокурору Искак Алко америкалыктардан жардамга келген акчаны энчилеп алган менчик банктын башчысын коргоп, аны "кадырлуу бизнесмен" деп атады жана аны камакка алууну талап кылган АКШ элчисинин сунушун четке какты.

АКШда конгресстин өкүлдөр палатасынын мамлекеттик жана чет элдик сарптоолор боюнча кичи комитети Кабул өкмөтүнө жардам катары каралган каражаттын 4 миллиард долларын кыскартууну чечти. Кичи комитеттин мүчөлөрү Ооганстанга бөлүнгөн акчаны жергиликтүү чиновниктер кандай пайдаланып жатканын териштирип чыгууну талап кылышты.

Кичи комитеттин төрайымы Нита Лоуи америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасы Ооганстанда коррупцияланган чиновниктердин, наркотөбөлдөр менен террорчулардын чөнтөгүнө түшпөйт деп бекем кепилдик болмоюнча Кабул өкмөтүнө бир цент да жардам бөлүнбөш керек деп эсептейт. АКШнын жалпы жардамдары кайда жана кимдерге сарпталып жатканын текшерип чыгууну өтүнүп, ал кичи комитет атынан федералдык аудиторлор мекемесине кайрылды.

Алдыдагы жылы АКШ Ооганстанга жалпысынан 53 миллиард доллар каражат караганы жатат. Конгресстин тапшырмасы менен атайын иликтөө өткөргөн эксперттер тобунун жакында эле жарыяланган докладында президент Хамид Карзайдын өкмөтүндөгү чиновниктер америкалыктардын акчасын өз ара бөлүштүрүп алып, чет өлкөлөргө миллиондоп доллар которуп жатканы белгиленди. Докладдын кеңири баяндамасын The Washington Post гезити басып чыкты.

Конгресстин кичи комитетинин чечими чыккан күнү АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер Кабулда президент Карзай менен коррупция маселесин арай көз чарай отуруп талкуулады.

"Биз Вашингтондон өкмөттүк институттардын ишин жакшыртуу жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу багытында президент Карзай, анын кабинети жасап жаткан дурус кадамдарга кызыгуу менен көз салып жатабыз", - деп айтты Холдер жолугушуудан кийин өткөргөн маалымат жыйынында.

Карзай өз кезегинде коррупцияга каршы күрөш өкмөттүн биринчи маанидеги милдети экенине ишендирди. Бул максатта атайын орган түзүлгөнүн айтып, муну башкаруу системасындагы коррупцияга, паракорлукка, алдым-жуттумдарга каршы багытталган маанилүү кадам деп атады.

Карзайдын тынымсыз кайталап келаткан убадаларына карабай коррупция ооган жеринде ооздукталгыс көрүнүшкө айланганы The Washington Post гезитинде жарыяланган макалада айтылат. Изилдөө жүргүзгөн эксперттер ырасташкандай, прокурорлор менен тергөөчүлөр жогорку кызматтагы адамдарга каршы козголгон иштерди "далилденбегени үчүн" деген шылтоо менен арыдан бери жаап салышат.

АКШнын Кабулдагы элчиси Карл Эйкенбери мындан бир нече күн мурда эле башкы прокурорго кайрылып, америкалыктардын акчасын башка жактарга которуп жаткан жергиликтүү бир менчик банктын башчысын тезинен камакка алууну талап кылды. Башкы прокурор болсо америкалык элчинин айтканы боюнча эле "кадырлуу, таанымал банкирди жана башка бизнесмендерди" камай албайм деп билдирди.

The Global Post гезити былтыр декабрда "ооган өкмөтүнө берилип жаткан чет элдик акчалай жардам талиптер үчүн бирден-бир финансы булагы болуп калганын" жазган эле. Муну эксперттер тобу да бышыктап, Кабулдагы чиновниктер талиптерди тигил же бул долбоорго кол салбагыла деп өтүнүп, кызмат акысы катары аларга олчойгон акча которуп турарын көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG