Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

НАТОчулар Ооганстанга дагы аскер сурашты


Ooганстанда шайлоодон кийин кырдаал татаал

Ooганстанда шайлоодон кийин кырдаал татаал

НАТОнун Ооганстандагы аскер башчылары АКШдан талибдер менен согушка кошумча аскер, каражат сурады.

Чыгыш Ооганстанда турган натолук аскерлердин кол башчысы, америкалык генерал Куртис Скапароттинин ырастоосунда, пакистандык корбашы Жалалуддин Хаккани уулу Сиражуддин экөө баштаган талиб күчтөрү бүгүн ооган аймактарына да таасирин жайылта башташты.

- Хаккани башкы коркунуч болуп саналат. Биз алардын таасири күчөгөнүн көрүп жатабыз,- деп билдирди Скапаротти кабарчыларга. Маалыматтарга караганда, ал жана НАТОнун андан башка аскерлер башчылары Ричард Холбруктан айрыкча түштүк-чыгыш Ооганстандагы улам күчтөнүп жаткан талиб козголоңчулары менен согушка аскер, керек-жаракты көбөйтүүнү сурашты.

Учурда АКШ жана анын НАТО боюнча шериктери Ооганстанда 100 миңдей аскер кармап турушат. Өлкөдө акыркы айларда талибдерге каршы согуш көбүнчө Пакистан менен чектеш түштүк багытта жүрдү. Аскерлердин саны көбөйүп, согуштук операциялар дембе-дем жүрүп жатканы менен бул аймактарда коопсуздук начар бойдон кала берүүдө.

Холбрук менен жолугушканда НАТОнун аскер башчылары Пакистанда баш калканч тапкан Хаккани жана башка талиб күчтөрүнө байланыштуу тынчсыздануу билдиришти. Алар Иран менен чек аранын начар кайтарылганын жана түндүктөгү Кундуз дубанында да талиптердин күч алып жаткандыгын эскертишти.

Ооганстандагы америкалык жана НАТО аскерлеринин бирдиктүү командири генерал Стэнли МакКристал Вашингтондон кошумча 20 миң аскер сурашы мүмкүн экендигин Ассошейтед Пресс жазды. Бирок Обаманын администрациясы макул болгон күндө да, буга америкалыктар көпчүлүгүндө каршы чыгышууда.

Өткөн жекшембиде АКШнын Башкы штабынын жетекчиси адмирал Майк Мүллен Ооганстанда кырдаал курчуп жатканын моюнга алганы менен кошумча аскер тууралуу сөз кылган жок:

- Азыр биздин миссиябызда армия да, генерал МакКристалл да элдин коопсуздугуна, ооган элине басым жасайт. Бул мындан бир нече ай мурдагыга караганда чоң өзгөрүш.

Кошмо Штаттарындагы соңку сурамжылоо америкалыктардын басымдуу көпчүлүгү Ооганстандагы согушка сын пикирде экендигин көрсөтүүдө. «Вашингтон Пост» гезити «Эй-Би-Си Нюс» телеканалы менен жүргүзгөн сурамжылоодо суралгандардын төрттөн бири гана кошумча аскер керек деп айтышкан.

Ооганстанда өткөн аптадагы президенттик шайлоодон кийин абал чыңалып турат. Шайлоодо эки башкы талапкер тең өз жеңишин жарыялашты, бирок добуш али саналып бүтө элек. Ага карабастан, америкалык мыйзамгерлер ооган өкмөтүнөн коопсуздукту бекемдеп, коррупция менен күрөштү күч алдырууга кысым жасашууда.

«Президент Карзайга америкалыктардын чыдамы түбөлүк эмес экендигин айттым,- деп билдирди америкалык сенатор Роберт Кейси 23-августта Кабулда болгондо. Ооганстанга АКШ Сенатынын өкүлчүлүгүнүн курамында келген Кейсинин айтымында, башка делегаттар да Хамид Карзайга АКШнын чыдамы кетип баратканын билдиришкен. Аны менен чогуу жүргөн Сенатор Шеррод Браун болсо «Чыдам эмки жумада бүтпөйт, бирок ооган өкмөтү иштеп жаткандыгын көрсөтүшү керек, бул акыркы мүмкүнчүлүк» - деди.
XS
SM
MD
LG