Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Учурда Вашингтон шаарында жашаган кыргызстандык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков "Азаттык" үналгысына курган маегинде АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясы тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Равшан Жээнбеков: АКШ президенти Барак Обама бүгүн (2-декабрда) Аскер академиясында сүйлөгөн сөзүндө Американын үч максатын тактап айтты. Биринчиси, бул – “Ал-Кайиданы” тизгиндеп туруу. Экинчиси, “Талибандын” Ооганстандагы саясатка же мамлекетти башкарууга кайтып келишине жол бербөө. Үчүнчүсү, америкалык аскер күчтөрүнүн жардамы менен Ооганстанда мыкты, күчтүү мамлекетти, өкмөттү жана өзгөчө коопсуздук күчтөрүн куруп берүү жөнүндө өзүнүн тилегин айтты. Бул аябай жакшы максат. Ошондуктан, мен ойлойм, Американын дагы кошумча 30 миң аскери сөзсүз түрдө өзүнүн максатына жетет.

“Азаттык”: Ошол эле учурда Барак Обама ооган согушун 2011-жылдын июль айынан тарта аскерлерин чыгара баштайт. Андан соң согушту ийгиликтүү жыйынтыктайбыз деген ишенимин билдирди. Канчалык деңгээлде ушул мөөнөт реалдуу деп ойлойсуз?
АКШнын ар бир жоокеринин Ооганстанда турушу – жылына бир миллион долларга айланып жатат. АКШнын 30 миң жоокерди жибергенден кийинки аскеринин саны 100 миңге жетет.


Равшан Жээнбеков: Американын президенти чынында эле чоң саясий тобокелге барууда. Анткени ал мындан үч жылдан кийин кайрадан президенттик шайлоого барат. Ошого карабастан ушундай жоопкерчиликти алып жатканы - бул менин оюмча жакшы саясатчынын көз карашы. Америкада ар кандай пикирлер бар: оппозициядагылар бул жетишсиз болгонун, керек болсо мындан да көп аскер жибергенге мүмкүнчүлүк берилиши керектигин айтып жатышат.

Кээ бир сынчылар болсо бул туура болбогонун айтышып, АКШ тез аранын ичинде Ооганстандан чыгып кетиши керектигин белгилешүүдө. Ошого карабастан Барак Обама “2011-жылдын июль айында аскерлерди кайрадан чыгарабыз, ал эми жалпысынан 3 жылдын ичинде биз өзүбүздүн максатыбызга жеткенге аракет жасайбыз” деген өзүнүн оюн айтты.

“Азаттык”: Равшан мырза, өзүңүз билгендей, АКШнын экономикасы азыр оош кыйыш абалда турат. Маалыматтар боюнча Ооганстанга кошумча аскер күчтөрүн жиберүү Американын экономикасы үчүн жылына 30 миллиард доллар өлчөмүндө каражат түзөт экен. Бул карапайым америкалыктардын жашоосуна таасирин тийгизеби? Анткени тышкы саясатын эле көздөп, өзүнүн элин, улуттук экономикасын оорлотуп албайбы?

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча жана бир топ эксперттердин да көз карашында коопсуздук – бул биринчи орунда турат. Ошондуктан азыр Американын Ооганстандагы саясаты туура.

АКШ буга чейин Ооганстанга триллиондогон долларды жумшады. Азыркы күндө каржы эксперттеринин эсеби боюнча АКШнын ар бир жоокеринин Ооганстанда турушу – жылына бир миллион долларга айланып жатат. АКШнын 30 миң жоокерди жибергенден кийинки аскеринин саны 100 миңге жетет. Бул жылына 100 миллиард долларды Америка Ооганстанда жок кылат деген сөз. Ошого карабастан эгерде бул мамлекеттик, глобалдык коопсуздукка кандайдыр бир таасирин тийгизе турган болсо, анда бул туура чечим.

“Азаттык”: Барак Обама НАТОго мүчө болгон башка мамлекеттерден, ошондой эле Орусиядан да колдоо издеп жатат. Ал канчалык колдоо табат деп ишенесиз?
Обама америкалык аскер күчтөрүнүн жардамы менен Ооганстанда мыкты, күчтүү мамлекетти, өкмөттү жана өзгөчө коопсуздук күчтөрүн куруп берүү жөнүндө тилегин айтты.


Равшан Жээнбеков: Албетте, бул саясатты, анын стратегиясын бардык эле мамлекеттер колдобойт. Бирок президент Обама өзүнүн сөзүндө НАТОго мүчө мамлекеттер жалпысынан колдоого алганын айтты. Мисалы, Британия кошумча жоокер жиберүүгө макул болгонун расмий түрдө жарыялады.

Бирок 2-3 күн мурда Британиянын премьер-министри Гордон Браун парламентте сүйлөгөн сөзүндө бир маанилүү нерсеге басым жасады. Ал “биз Ооганстанга аскер гана жиберип тим болбостон, бул өлкөдөгү өкмөттүн коорупцияга аралашканына бөгөт коюп, президент Карзайдын саясатын кандайдыр бир деңгээлде өзгөртүш керек” деген талабын койду. Анткени кийинки кезде президент Хамид Карзайдын өкмөтүндөгү коррупциялык маселелер Батыштын көп мамлекеттеринде абдан чоң талкууга алынып жатат.

Карзайдын бир туугандары Азиянын башка өлкөлөрүндөгүдөй болуп, мамлекетти башкарууда коррупцияга аралашканын бир топ массалык маалымат каражаттары, өзгөчө АКШда да байма-бай жазып жатышат.

“Азаттык”: Америкалык аскердик күчтөрдүн Ооганстанда көбөйүшү менен талиптердин аракеттери дагы күч алат деген адистердин ою бар. Демек талиптердин күч алышы Борбор Азиядагы чөлкөмдүк саясатка сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Кыргызстан үчүн Баткен окуялары сыяктуу көйгөйлүү бир окуялар кайталанышы мүмкүнбү?
Кийинки кезде президент Хамид Карзайдын өкмөтүндөгү коррупциялык маселелер Батыштын көп мамлекеттеринде абдан чоң талкууга алынып жатат.


Равшан Жээнбеков: Туура айтасыңар. Бул маселе Орусияда, Борбор Азияда, Батышта да талкууланып жатат. Талиптер да, “ал-Кайида” да эгерде Пакистан тараптан, Батыш, АКШ тараптан катуу кысым көрсөтүлсө, жакшы корголбогон аскердик күчтөргө сокку урушу мүмкүн. Начар мамлекеттер кимдер? Албетте Борбор Азия. Андыктан бул жакка агылышы мүмкүн. Менимче, Борбор Азиянын мамлекеттери, өзгөчө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан азыркы АКШнын саясатын, президент Обаманын Ооганстанда жүргүзүп аткан саясатын так, ачык жана активдүү колдоп бериши зарыл.

“Азаттык”: Рахмат.

Тасмада: М.Намазалиев: "Ооган эли тынчтыкты каалайт"

Барак Обама Ооганстандагы козголоңчу күчтөрдү жеңүү үчүн кошумча аскер жиберээрин 2-декабрда жарыя кылды. Буга байланыштуу жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясы тууралуу пикирлери менен бөлүштү. SA, MiT.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG