Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Ирактагы жанкечти Гуантанамо абагында отуруп чыкканы аныкталды


Ирак.
Ирак.

Өткөн жумада Мосулда Ирак аскерий бекетин бомба салынган автоунаа менен жардырган жанкечти Британия жараны экени жана 2004-жылы Гуантанамодогу абактан бошотулганы аныкталды.

Маалымат каражаттарынын 22-февралда жазганына караганда, аскердик бекетке чабуул жасаган Абу-Закария ал-Британи Британия жараны жана мурдагы ысымы Роналд Фидлер болгон. Анын чабуулунда Ирактын бир аскери өлүп, төртөө жарадар болгон. Манчестер шаарында төрөлгөн ал-Британи 20 жашында мусулманчылыкты кабыл алган. Ал 2002-жылы АКШ күчтөрү тарабынан Ооганстанда кармалып, Гуантанамо абагына салынган. 2004-жылы премьер-министр Тони Блэрдин өкмөтүнүн аракети менен абактан бошотулган. Ага абакта отурганы үчүн британ өкмөтү 1,25 млн доллар компенсация да төлөгөнү кабарланган. Абу-Закария ал-Британия кийин Сирияга барып, “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулган. (AiT)

XS
SM
MD
LG