Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

АКШ Сенатында 15-декабрда өткөн угууда президент Барак Обаманын Борбор Азия боюнча жаңы саясаты талкууланды. Анын жүрүшүндө аймактын эки өлкөсү - Кыргызстан менен Тажикстан “мамлекет боло албаган мамлекетти” эске салары айтылган. Мындай аныктама Кыргызстандын дарегине карата буга чейин айрым эл аралык иликтөө уюмдары тарабынан колдонулуп келинген эле.

Президент Барак Обаманын администрациясы жакында Борбор Азия боюнча саясатынын артыкчылыктуу багыттарын кайра кароону аяктаган. Капитолийдеги угууда сенаторлор Обаманын Ооганстан жана Пакистан боюнча жаңы стратегиясын ишке ашырууда Борбор Азия аймагынын маанилүүлүгүн, ага катар аймактын беш өлкөсү менен байланышты мындан ары чыңдоонун зарылдыгын белгилешти.

Сенаттын Жакынкы Чыгыш, Борбор жана Түштүк Азия боюнча субкомитетинин төрагасы Роберт Кейсинин айтымында, АКШнын Борбор Азиядагы максаты – аймактын өлкөлөрүнө стабилдүүлүктү чыңдоодо, терроризм туудурган көйгөйлөрдү чечүүдө, энергетикалык ресурстарды эффективдүү бөлүштүрүүдө жардам берүү.

- Постсоветтик мурасынан жана көз карандысыздыктан бери келе жаткан туруксуздуктун түрдүү деңгээлдеринен улам аймактагы өлкөлөрдүн саясий системасы морт. Кошмо Штаттар аймактагы мамлекеттерди өз стабилдүүлүгү менен бакыбатчылыгын алдыга жылдырып, террорчулук жана улуттук ресурстарды бөлүштүрүү менен байланышкан, узактан берки көйгөйлөрүн чечүүсү үчүн толук интеграцияланууга шыктандыруусу керек.

Сенатор Роберт Кейси кошумчалагандай, Борбор Азия, америкалыктар атагандай, Жеткирүүнүн түндүк түйүнү үчүн (NDN – англисче абревиатурасы) маанилүү. Түндүк түйүн Ооганстанга керектүү жүктөрдү кургактан, аба жана деңиз аркылуу жеткирүү үчүн зарыл. Ошол эле учурда Түндүк түйүнү Борбор Азияга коңшулар менен эл аралык соода байланыштарын жөнгө салууга жардам берет. Угуу учурунда айтылган маалыматка караганда, АКШ быйылкы жылдын 11 айында Борбор Азиянын темир жолу аркылуу Ооганстандагы аскерлерине 5 миң контейнер жүк жеткирген.

Беш багыт

Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Жорж Крол өз сөзүндө “аймактагы экономикалык өсүш жана демократиялуу саясий өнүгүү узакка созулуучу стабилдүүлүктү жана өзөктүк куралды жайылтпоодон тартып, наркозаттарга каршы туруу жана энергия коопсуздугуна чейинки жалпы жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө АКШ үчүн ишенимдүү өнөктөштөрдү жарата алат”,- деп белгилөө менен Вашингтондун саясатынын беш артыкчылыктуу багытын айтып берди.

Алардын биринчиси - Борбор Азия өлкөлөрү менен эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Ооганстан менен Пакистандагы аракеттерин колдоо жана аймакта стабилдүүлүк орнотуу үчүн кызматташуу. Бул максат Борбор Азия менен АКШ ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү жана Жеткирүүнүн түндүк түйүнүнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоону да камтыйт.

Экинчиси - аймактын энергетикалык ресурстарын өнүктүрүү жана диверсификациялоо. АКШнын көз карашында, Борбор Азия энергоресуртардын ири коруна ээ болгондуктан, аларды эл аралык энергетикалык коопсуздукту орнотуу үчүн өнүктүрүү зарыл. Борбор Азия өлкөлөрү ошондой эле эл аралык тажрыйбадан пайдалануусу жана өнүккөн өлкөлөр менен соода алакасын диверсификациялоого умтулуусу керек.

Үчүнчүсү - саясий либералдаштырууну жана адам укуктары сакталышын колдоо. Жорж Кролдун сөзүнө караганда, Обаманын администрациясы Борбор Азия өлкөлөрүнө саясий принциптерди таңуулабайт. Бирок бул АКШ мындан ары демократиялык башкарууну жана адам укуктарынын сакталышын колдобой койот дегенди туюндурбайт. АКШ саясий өзгөрүүлөр убакытты талап кыларын түшүнөт. Ошол эле учурда Вашингтон Казакстандын келерки жылы ЕККУда төрагалык кылуусу аймактагы демократиялык жараяндарга көмөктөшөт деген үмүттө.

Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы жакында эле атайын “Азаттык” үналгысы үчүн берген интервьюсунда азыркы администрациянын бул жааттагы турумун мындайча чечмелеген эле:

-Мурда эч убакта болбогон коомдордо демократиялык институттарды өнүктүрүү узак жараян. Бул алар (Борбор Азия өлкөлөрү) суверендүү, көз карандысыз өлкөлөр экендиги тууралуу фактыны толук урматоо менен жүргүзүлүүсү керек. АКШнын, өзгөчө Обама администрациясынын, президент өзү белгилегендей, туруму АКШ өзүнүн баалуулуктарын же институттарын бул өлкөлөргө таңуулоону көздөбөйт. Бирок ал өлкөлөр жана коомдор менен демократиялык институттарды, баалуулуктарды алдыга жылдыруу үчүн конструктивдүү диалогду каалайт. Дагы бир ирээт кайталайм, күч менен таңуулоо максатында эмес, туруктуу, бакубат мамлекетке жана коомго жетүүнүн жолу катары өздөрү түшүнүп, кабыл алуусу үчүн.

Мамкатчынын жардамчысы Жорж Крол Сенаттагы угуу учурунда белгилегендей, АКШнын аймактагы саясатынын төртүнчү артыкчылыктуу багыты – рынок экономикасынын өнүгүшүнө жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүү.

“Мамлекет боло албаган мамлекет”

АКШ администрациясынын Борбор Азиядагы саясатынын бешинчи багыты - аймактагы өлкөлөрдүн чачырап кетүүсүн алдын алуу. АКШнын пикиринде, Борбор Азиянын бийликтери калк алдындагы милдеттемелерин аткаруу жагынан кыйынчылыктарды сезишүүдө. Бул өз кезегинде мамлекеттердин жарым-жартылай жана толук чачырап кетүүсүнө алып барышы мүмкүн.

Угуу учурунда айтылгандай, маселен Тажикстан менен Кыргызстан көбүнесе “мамлекет боло албаган мамлекеттерди” эске салып турат. Буга чейин айрым эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган жогорудагыдай аныктаманы колдонууда АКШ тарап эмнелерди эске алуусу мүмкүн? Саясат таануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде буларга токтолду:

- Негизги себеби - башкаруу системасы стабилдеше албаганында жатат. Мыйзамдын үстөмдүгү барбы же жокпу? Коррупциянын деңгээли кандай, кылмыштуулук менен күрөштүн акыбалы, кылмыш чөйрөсү бийликке аралашкан жокпу, экономиканын акыбалы, тышкы карыздын көлөмү өңдүү жети-сегиз позиция эске алынат. Бирок негизгиси мамлекеттин башкаруу системасына келип такалат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев кошумчалагандай, АКШ Сенатындагы угууда айтылгандай, Кыргызстандын “мамлекет боло албаган мамлекетти” эске салышында Конституцияны кайра-кайра жаңылоонун да кыйыр салымы бар.

Угуу учурунда АКШ Борбор Азия боюнча саясатын сынга алгандар да болгон. "Карнеги" фондунун кызматкери Марта Брилл Олкот аймактын өлкөлөрү 2001-жылдан бери өзгөргөнүн, АКШ саясаты ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн эске алуусу керектигин айтса, армия колледжинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун профессору Стивен Бланк Борбор Азия АКШнын Ооганстан менен Пакистандагы саясатына кошумча эмес, кеңири контексте каралуусу керектигине токтолгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG