Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Шеримкулов: Текебаевди айыптоо - кыргыз бийлигин айыптоо


“Мен Өмүрбек Текебаевди чыгаргыла деп талап кылбайм, эгер күнөөсү болсо, анын күнөөсүн далилдесин” деди саясатчы, экс-спикер Медеткан Шеримкулов. Ал бүгүн митингде сүйлөгөн сөзүндө бийликтин оппозицияны куугунтуктап, камоосунан пайда чыкпасын белгиледи. Ал оппозиция, позиция болуп бөлүнбөй, өлкөдө тынчтыкты сактоо зарылчылыгын айтты. Шеримкулов Текебаевди күнөөлөп, көрсөтмө берген кишилерди Орусиядан алып келип, жоопко тартуу керектигин кошумчалады:

- Өмүрбек Текебаевге пара бергенмин деп айыптап жаткан киши жалпы кыргыз бийлигине пара бергенмин деп айыптап жатат. Кылмыш кодекси боюнча пара берген киши да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Орусиядан алып келип, аны жоопко тартууга тийишпиз.

Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында өтүп жаткан митингге 500дөй киши катышууда. Алар “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бошотулуусун талап кылышууда.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев мунун баарын өзүнө “бийликтин жалган жалаасы” деп айтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG