Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Бириккен саясий күчтөрдүн штабы түзүлөт


Улуттук коопсуздук боюнчан мамлекеттик комитет имаратынын алдында Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн митинг.
Улуттук коопсуздук боюнчан мамлекеттик комитет имаратынын алдында Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн митинг.

Аны экс-президент Роза Отунбаева жетектеши мүмкүн. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы митингдин аягында билдирди:

- Мындан ары жалгыз “Ата Мекен” фракциясынын эмес, жалпы бириккен күчтөрдүн штабы түзүлөт. Биз аны Роза Отунбаева жетектеп берсин деп жатабыз.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет имаратынын алдында Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өтүп жаткан митинг аяктады. Иманалиевдин айтымында, ал эртең Ак үйдүн алдында уланат.

Өмүрбек Текебаев 26-февралдын түнү Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG