Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Иран: Роухани экинчи мөөнөткө президенттикке ат салышат


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани экинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышат. Бул тууралуу анын жогорку жардамчыларынын бири кабарлады. Салыштырмалуу байистүү саясатчы саналган Роухани өзү 19-майдагы ат салышка катышаарын расмий билдире элек.

ИРНА агенттиги парламенттик иштер боюнча вице-президент Хусейн-Али Амиринин “Акыркы жумаларда Роухани мырза президенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алды”, - деген сөздөрүн келтирди.

Бирок президент өзү бул боюнча комментарий жасай элек. Роухани экономиканы туура эмес башкарууда жана ядролук программа боюнча ири державалар менен келишимдин артыкчылыктарын ашыкча баалаган деген айрым эскичил саясатчылардын сынына кабылып келе жатат.

Консерваторлор президенттикке өз талапкерин сунуш кыла элек.

Конституция боюнча бир эле киши эки ирет президенттикке ат салыша алат.

Роухани бул кызматка 2013-жылы шайланган.

XS
SM
MD
LG