Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Пакистанда регионалдык экономикалык конференция өтөт


Исламабадда кийинки аптада региондогу өлкөлөр ортосундагы сооданы арттыруу максатында эл аралык конференция өтөт. Пакистан тышкы иштер министри Сартаж Азиз 25-февралда билдиргендей, 1-мартта башталчу Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинде соода, энергетика, туризм, экономикалык өнүгүү, социалдык жана экологиялык маселелер талкууланат.

1985-жылы Пакистан, Иран, жана Түркия түптөгөн уюм 1964-жылы негизделген Өнүгүү үчүн регионалдык кызматташтык уюмун алмаштырган. 1992-жылы ага Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан жана Ооганстан кошулган.

Конференция оңой эмес убакытта уюштурлууда. Акыркы жумаларда Пакистанда экстремист согушкерлердин кол салууларынан улам бир нече иш-чаралар болбой калган эле.

XS
SM
MD
LG