Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Нью Орлеанда машина элди сүзүп, 28 киши жарадар болду


АКШнын Нью Орлеан шаарынын полициясы мас айдоочу жүк ташыган машинасын майрамдык парадды көргөнү келген элди аралай айдаганда 28 киши жараат алганын кабарлады. Полиция башчысы Майкл Харрисон шектүү адам камакка алынып, суракка тартылганын билдирди. Полиция айдоочу аябай мас абалда болгон деп шектенүүдө.

Жарадар болгондордун арасында балдар да бар.

Ушул өңдүү окуя алдыңкы күнү Германияда да катталган. Ал жакта машина дүкөндүн алдында турган элди сүзүп, бир киши каза тапты, экөө жараланды.

Расмий маалыматка караганда, бул – террордук кол салууга окшобойт. Ал эми "Билд" газетасы айдоочунун психикалык мандеми бар деп жазат.

XS
SM
MD
LG