Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

“Ата Мекен” БШКны сотко берүүдө “Өнүгүүнү” колдойт


“Ата Мекен” партиясы “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко жазган арызын колдойт. Бул тууралуу “Ата Мекендин” катчылыгы “Азатыкка” билдирип, арыз эки партиянын атынан жолдонгонун маалымдады.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абаддагы шайлоого катышууга КСДПга уруксат берилгенине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн 7-декабрда сотко кайрылган. Арыз Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жолдонгон.

Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП фракциясы сунуштаган тизмеде эреже сакталбаганы аныкталып, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партиялары Аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган. Анын жыйынтыгында 2-декабрда КСДПнын тизмеси жараксыз деп табылган. Бирок Аймактык шайлоо комиссиясы үч күндөн соң маселени кайра карап, чечимди жокко чыгарган.

Нааразы тарап муну мыйзам бузуу деп атаган жана БШК тийиштүү чечим кабыл алышы керектигин белгилешкен. Ага карабай, КСДПга шайлоого катышууга уруксат берилген. Муну аталган партия тизмесин оңдогону менен негиздешкен. (SE)

XS
SM
MD
LG