Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Геноцид маселеси АКШ-Түркия мамилесин бузабы?


АКШ президенти Барак Обама Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүдө. Вашингтон, 2009-жылдын декабры.

АКШ президенти Барак Обама Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүдө. Вашингтон, 2009-жылдын декабры.

Осмон империясынын акыркы жылдарында болгон армяндардын массалык өлүмүн бир катар мамлекеттер геноцид катары таанышкан. Ал империянын ордуна түзүлгөн Түркия муну тап-такыр эле четке кагып келет. Кечээ болсо АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык байланыш боюнча комитети армян геноцидин таанууну караган резолюцияны кабыл алды. Ырасмий Анкара буга өкүнгөнүн билдирүүдө.

Армения менен Түркиянын байланыштары негизинен Осмон империясы доорундагы армяндардын массалык өлүмүнө байланыштуу жакшырбай келет. Армения дүйнөлүк коомчулукту Осмон доорундагы армяндардын өлүмүн геноцид катары таанууга жана айыптоого үндөп келет. Ырасмий Анкара ошол коогалуу жылдары кыйла армян өлүп кеткенин моюндаганы менен аны геноцид катары эсептебей турганын, армяндар көбүнчө ошондогу согуштардан, бандиттер менен уруулардын кол салууларынан, түрдүү оорулардан өлгөнүн айтып келишет.

Түрдүү тарыхый булактарда Осмон империясы доорунда 1877-жылдан тарта 1923-жылга чейин 1,5 миллиондой армян жок кылынганы айтылат. Негизги операция 1915-жылдан 1923-жылга чейин Осмон лидери Таалат-Пашанын буйругу менен башталганы айтылат. Ошол себептүү 1915-1923-жылдарды бир топ өлкөлөр армян геноцидинин жылдары катары кабыл алышкан.

Армян маселеси АКШ-Түркия алакасын бузабы?

Бүгүнкү күнү “армян геноцидин” Европа менен Америка конитентинин бир катар өлкөлөрү ырасмий кабыл алышкан. АКШ бийлиги XX кылымдын башындагы армяндардын массалык өлүмдөрүн тарыхый факт катары моюндап келгени менен бул боюнча резолюцияга кошулбай келет.

Адистердин баамында, конгресстин өкүлдөр палатасынын комитетинде бир добуш артыкчылык менен кабыл алынган “№ 252” аттуу армян геноциди тууралуу резолюция баары бир андан ары жылбашы ыктымал. Анткени АКШ жакын өнөктөштөрүнүн бири, Түндүк атлантика уюмуна мүчө, динамикалуу өнүгүүдөгү Түркия менен мамилесин бузууну каалабайт.

Белгилүү тарыхчы, профессор Олжобай Каратаевдин айтымында, Осмон империясы тушундагы армяндардын массалык өлүмдөрү тууралуу азыр бүт дүйнө билет. Бирок анын кандай болгондугун баяндаган варианттар толтура. Негизи Кыргызстан бул сыяктуу талаштарга өтө этият мамиле жасашы керек. Ал эми АКШнын Өкүлдөр палатасынын комитетинин чечими, ал жактагы армяндардын күчтүү лоббисинин жемиши болду:

- Биз бул маселеде абдан этият болушубуз керек. Анткени биздин тууган мамлекет Түркия республикасы турат да. Алар деле Түндүк атлантика уюмунун мүчөсү го...

Стамбул университетинин ага окутуучусу, саясий илимдердин доктору Хакан Гүнештин пикиринде, ырасмий Анкаранын комитетте кабыл алынган резолюцияга эле абдан катуу реакция кылганы, дароо Вашингтондогу элчисин чакыртып алганы көп нерседен кабар берип турат:

- Бул - төмөнкү деңгээлдеги кабыл алынган чечим экенине карабай Түркия элчисин чакырып алды. Эгер бул маселе АКШ конгрессинде да кабыл алына турган болсо, Түркия-АКШ мамилеси 1974-жылдагы Кипр кризисинен кийинки эң чоң кризиске келет. Бирок ага жетпейт деп ойлойбуз. Анткени президент Б.Обама үчүн Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияга чыгуу жаатында Түркия өтө маанилүү өнөктөш.

XX кылымдагы эң ири кыргындарга армяндардан тышкары еврейлер (Холокост), украиндер (Голодомор) туш болушкан. Булар сыяктуу эле XX кылымдын биринчи жарымында башка да көптөгөн улуттук азчылыктар боо түшүп кырылганы белгилүү. Кыргыз жеринде да 1916-жылы “Улуу Үркүн” окуясы болуп, орус падышачылыгынын аскерлеринин колунан миңдеген кыргыздар кырылып, кыйласы Кытайга өтө качышкан. Бирок бул окуяны геноцид катары таануу боюнча эгемен Кыргызстандын бийлиги азыркы Орусия алдында да, эл аралык коомчулук алдында да, өз өлкөсүндө да эч качан маселе көтөргөн эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG