Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Обаманын экономикалык планы Конгресстин кароосунан өттү


Вашингтондо Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы президент Барак Обаманын экономиканы кайра жандандыруу боюнча 825 миллиард долларга эсептелген планын кабыл алды. План үчүн Палатада көпчүлүктү түзгөн демократтар колдоосун билдиришти. Республикачылдар Обаманын планы өтө кымбат деген негиз менен ага добуш беришкен жок. Эми бул мыйзам долбоору Сенаттын кароосуна жиберилет.

Апта соңунда жарыялануучу акыркы маалыматтар өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде АКШнын Улуттук дүң өндүрүшү 5%дан ашуунга төмөндөгөнүн көргөзөөрү күтүлүүдө.

Ал эми ушул дүйшөмбү күнү америкалык ири компаниялардын бир нечеси миңдеген жумушчу орундарын кыскартып жатканын жарыялашты. Мунун эртеси Конгресстеги республикачылардын лидерлери менен жолуккан кезинде президент Обама кыскартуулардын азыркы толкуну саясатчылардан ыкчам аракетти талап кылып жатканына токтолгон эле:

- Американын эли аракеттерди күтүүдө жана биз адамдарды ишине кайтаруучу, инвестиция жаратуучу, энергиядан узакка көз карандысыздыгыбызды кепилдөөчү, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы натыйжалуу иштөөсүн камсыздоочу чараларыбызды бириктирүүбүздү каалашат. Алар биздин инфраструктура кайрадан курулуусун жана бул акылдуулук менен жасалуусун, салык төлөөчүнүн акчасы бошко кетпөөсүн көздөшөт.

Барак Обаманын экономиканы жандандыруу боюнча 825 миллиард доллардык планынын 275 миллиарды жеке адамдар менен ишкерлерге салык жагынан жеңилдик берүүнү карайт. 550 миллиарды өкмөт коротуучу акча. Бул каражат түрдүү багытта: инфраструктураны оңдоого, жолдорду, көпүрөлөрдү, темир жолдорду кайра курууга, энергиянын альтернативалуу булактарын өнүктүрүүгө жана кризистен катуу жапа чеккен компанияларга кошумча жардам көргөзүү үчүн сарпталуусу керек.

Ошол 550 миллиарддын ичинен 150 миллиарды билим берүү тармагына багытталган. "Нью-Йорк Таймс" гезити муну аталган тармакка федералдык бюджеттен Экинчи дүйнөлүк согуштан бери ажыратылып жаткан эң ири жардам деп атады.

Ал эми президент Обаманын өзү шаршемби күнү Ак үйдө бизнес лидерлер менен жолуккан соң план экономиканы тез жандандырарын кайрадан белгиледи:

- Биз бул пландын алкагында инвестициялоочу каражаттын көбү эшиктин сыртына тез эле жетет. Түздөн-түз жумушчу орундарын түзүүгө жумшалат. Үчтөн төрт миллионго чейинки жумушчу орунду жаратат же сактайт. Бул жумушчу орундардын көбү жеке сектордо түзүлөт.

Бирок Конгресстеги республикачыл мыйзамгерлердин айрымдары Обанын планына каршылыгын буга чейин айтып чыгышкан. Алардын көз карашында, анын аркасында жаңы жумушчу орундарынын түзүлөрү күмөндүү жана белгиленген чаралар өкмөт үчүн өтө эле кымбатка турууда.

Президент Обама болсо республикачыларды бул маселеде "саясатты четке таштоого" чакыруу менен алардын сунуштарын угууга жана айрым бир өзгөртүүлөрдү кароого даяр экенин билдирген. Документ келерки аптада Сенатта добушка салынганга чейин бир аз өзгөртүүлөргө дуушар болчудай.

Аналитиктердин айтымында, жол жана көпүрөлөрдү салууга акча коротуу экономиканы жандандырат, бирок салык жагынан жеңилдиктер керектөөнү кыска мөөнөтө эле күчөтөрү арсар. Лондондогу "Capital Economics" консалтинг компаниясынын талдоочусу Жонатан Лойнис "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, жарандар менен ишкерлер салыктан үнөмдөгөн акчасын короткондун ордуна, сактоого артыкчылык берүүсү мүмкүн:

- Адамдар акыр-аягында төлөөгө туура келерин билип турган шартта каржылык стимулдаштыруунун натыйжалуулугу боюнча күмөн санолор дайыма эле болот. Биз билгенден дүйнөнүн өнөр-жайлуу өлкөлөрүнүн баарында өкмөттүн карыздары тездик менен өсүүдө жана кайсыл бир баскычта акчаны кайра топтоо зарылчылыгы чыгат. Башкача айтканда, мунун барын төлөө үчүн салыктар көбөйтүлөт. Муну билген кожолуктар менен компаниялар акчаны азыр сарптоодон кармануусу мүмкүн. Анчалык алыс эмес келечекте эле жаңы өкмөт келип, акчаны кайра кайтарууну суранган учур үчүн азыр топтоп алууну чечиши ыктымал.

АКШнын бюджет таңкыстыгы жаңы чыгымдарды кошпогондо деле, быйылкы каржы жылында 1,2 триллион долларга жетээри күтүлүүдө.

Жакында конгрессмендер менн жолукканда президент Обама өлкөнү рецессиядан алып чыгууга аракеттенип жаткандыктан муну эң жакшы билерин ырастап, "карыз менен таңкыстыкка менден көп эч ким тынчызданган жок. Мени калтырган мурасым боюнча баалашат", - деп айтты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG