Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Дүйнөлүк экономиканын «өгүздөрү» күчтөн тайууда


Баалуу кагаздардын куну качканда колчатырга жашынсаң да коргобойт
Баалуу кагаздардын куну качканда колчатырга жашынсаң да коргобойт

Дүйнөлүк финансы кризиси дагы тереңдеп, ири биржаларда сатыкка чыккан баалуу кагаздар кунун жоготууда. Дүйшөмбү күнү япон экономикасынын таразасы - Nikkei индекси соңку чейрек кылымдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү.

Кошмо Штаттарда жумушсуздардын саны акырыкы 25 жылда болуп көрбөгөндөй өсүп, 4, 4 миллионго жетти. Евробиримдикке мүчө 27 өлкөдө 17 миллион адам жумушсуз калган.

АКШ: Жумушсуздук 60 жыл мурдакы рекордго жетти

Глобалдык финансылык кризис качан токтоору азырынча беймаалым. Дүйнөнүн эң кубаттуу өлкөсү АКШнын Эмгек министрлиги ишке жарамдуу америкалыктардын 8, 1 проценти жумушсуз экенин өткөн бейшемби күнү билдирди.

Президент Барак Обама да 6-мартта Огайодо сүйлөп, 2007-жылы декабрда экономикалык ресессия башталгандан бери америкалык 4, 4 миллион жаран жумушун жоготконун айтты: «Бүгүн эртең менен феврал айында өлкө боюнча дагы 651 миң адам жумушун жоготконун, натыйжада азыркы рессесиядан бардыгы 4, 4 миллион адам ишсиз калганын билдик.»

Бир айда АКШ экономикасы 1949-жылдан бери мындай төмөндөгөн эмес.

Обама өкмөт кризис учурунда эч качан сыртта байкоочу болуп турбаганын, ошон үчүн бул ирет да чечкиндүү аракеттенерин эске салды. Деген менен, бул кабар инвесторлор арасында Обама кол койгон 787 миллиард долларлык антикризистик долбоор иштебей жатат деген чочулоону жаратты.

Евробиримдик АКШдан да ашып түштү

Европа Биримдигине кирген 27 өлкөдө 1-февралда жумушсуздардын саны 18 миллионго, кыргызстандыктар көп иштеген Россияда 6, 1 миллионго жетти. Бул эмгекке жарамдуу калктын 8 проценти ишсиз отурат дегенге тете.

Мындай кырдаалдан улам Европанын борбордук банкы өткөн бейшембиде кредит акысын мурда болуп көрбөгөндөй төмөндөтүп, 1, 5 процент кылды; үстүбүздөгү жана келерки жыл үчүн жасаган экономикалык прогнозун өзгөрттү. ЕББнын башчысы Жан-Клод Трише абал осолдой берсе, кредит акысы дагы азайтыларын билдирди: «Биз паска түшүп кетсек да, окуя кандай болорун алдын ала бычкан жокпуз. Маалыматтар далилденсе, айырым тобокелчилик болсо, мен белгилегендей, негизги саясат өзгөртүлүп, кредит акысы арзандашы толук мүмкүн».

Дүйнөдөгү автомобиль жасоочу ири компаниялардын бири, АКШнын «Женерал Моторсу» өкмөттөн дагы 30 миллиард доллар жардам албаса, кудуретсиз жарыяланышы мүмкүн деген кабар баалуу кагаздар рыногуна тескери таасир этти.

Кошмо Штатардагы ири өнөр жай ишканаларынын баалуу кагаздарынын өтүмдүүлүгүн билгизген Доу Жонс индекси Барак Обама 20-январда тактыга отургандан бери 20 процентке ылдыйлады. Bloomberg агенттигинин ырасташынча, акыркы 90 жылда жаңы президент ишке киришкенден бери Доу Жонс мындай төмөндөгөн эмес. Мурда Детройттогу бул автомобиль компания Ак Үйдөн бир нече миллиард долларлык кредит алган.

Улуттук өндүрүштү кайсы өлкө биринчи коргойт?

АКШга катар эле Европа өлкөлөрү да улуттук экономиканы кризистен коргоо үчүн кошумча чара көрүшүүдө. Англиянын банкы да кредит акысын 1 проценттен 0, 5 процентке түшүрдү жана экономиканы тайоого кошумча дагы 105 миллиард долларга (75 миллиард фунт) жакын акча жумшамак болууда.

Ошол эле учурда кээ бир Европа өлкөлөрү ички базарын коргоп, соода эркиндигин чектейт деген коркунучтар айтылууда. Ушундай тынчсызданууну ЕББнын төрагасы Трише да 6-мартта билдирди: «Өкмөттөрдүн атаандаштыкка залал тийгизбеген жана экономикадагы зарыл өзгөрүүлөрдү кийинге калтырбаган чараларды колдогону маанилүү. Эң маанилүүсү ички рынокту коргоого алган чараларга барбашы керек. Протекционизмге барбоо экономиканы азыркы глобалдык кризистен тез чыгаруунун ачкычы».

Япон товары тышкы базарга өтпөй калды

Дүйнөдөгү АКШдан кийинки экономикасы кубатуу Японияда да абал татаал. Январь айында соңку 13 жылда биринчи жолу Япониядан сыртка товар сатуу азайып, импорт өскөн. Буга автомобилдерди тышка сатуу 66 процентке, жарым өткөргүчтөр менен электрондук жабдууларды сатуу 53 процентке кыскарганы өбөлгө болгон. Анын кесепетинен бюджеттин тартыштыгы 1, 8 миллиард долларга чыгып кетти. Бул кабардан кийин Япониянын өнөр жай ишканаларынын баалуу кагаздарынын наркын көрсөткөн Nikkei индекси дүйшөмбү күнү 1, 2 процентке ылдыйлап, 7086га барабар болду. Бул акыркы 26 жылдагы эң начар көрсөткүч.

Мындай жагдайга байланыштуу Дүйнөлүк банк быйыл дүйнөлүк экономика Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу олуттуу кыскарат деп прогноз жасады. Андан улам Кыргызстан сыяктуу өнүгүп бараткан өлкөлөр 2009-жылы 700 миллиард долларга чейин чыгаша тартышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG