Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Күч күн тартибинен түшө элек


Вашингтон -- Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана Пентагондун башчысы Роберт Гейтс Жорж Вашингтон университетиндеги семинарда.

Вашингтон -- Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана Пентагондун башчысы Роберт Гейтс Жорж Вашингтон университетиндеги семинарда.

Жорж Вашингтон университетиндеги жолугушууда АКШнын XXI кылымдагы тышкы саясаты талкууланды. "Күч жана ынаным" деп аталган бул семинарга Пентагондун башчысы менен мамлекеттик катчы катышты.

Мамлекеттик департамент менен Пентагон, алардын азыркы башчылары Хиллари Клинтон менен Роберт Гейтс АКШнын тышкы саясатын аныктоодо адатта ар башкача роль ойношот.

Дүйшөмбү күнү Жорж Вашингтон университетинде CNN телеканалы уюштурган семинарда эки катчы тең бир катар маселелерде, өзгөчө ооган жана иран проблемасында бирдей көз карашты туюнтушту.

Ооганстанга байланыштуу кептерде Гейтс кырдаал өтө олуттуу экенин, бул өлкө жана анын коңшусу Пакистан иш жүзүндө жихаддын очогу болуп калганын моюнга алды. "Чынын айтканда, биздин жөндөмсүздүгүбүздөн,союздаштардын бул аймакка аскер жөнөткүсү келбегенден улам талиптер азыр демдене баштады",-деп көрсөттү ал.

Президент Барак Обамага Ооганстандагы стратегиянын бардык өңүттөрүн талдап, таразалап чыкканга жетерлик убакыт керектигин кошумчалап, Гейтс бир гана нерсени - АКШ бул өлкөдөн жакын ортодо кетпей турганын, кеп болгону мындан аркы кадамдар тууралуу болуп жатканын так кесе бөлүп көрсөттү.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон да ооган жериндеги максаттар өзгөрбөгөндүгүн,тек гана тактикага жана стратегияга айрым түзөтүүлөр киргизүү зарыл экенин, муну азыр Обаманын улуттук коопсуздук командасы жүйүр талкуулап жатканын бышыктады. Бирок түзөтүүлөрдүн мазмуну, алар качан даярдалып бүтөрүн айткан жок.

Иран темасына байланыштуу Гейтс Женевадагы сүйлөшүүлөрдү толук өлчөмдө ийгиликтүү болду деп эсептей албасын айтты. Түпкү милдетти Гейтс атом программасынан толук баш тартканга Тегеранды ынантуудан көрдү. "Ядролук куралсыз жашаса коопсуздук жагынан эле эмес, экономикалык көз караштан алганда да Ирандын өзүнө ийги болоруна аны ийите алабызбы – маселе ушунда турат", -деп көрсөттү Пентагондун башчысы.

Бул пикирге мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон кошулду. Женева жолугушуусунда Иран өз уранын башка өлкөдө байытканга, Кум шаарында курулуп жаткан ишканага эл аралык инспекторлорду киргизгенге жана "5+1" тобу менен сүйлөшүүлөрдү улантканга макул болгонун Клинтон позитивдүү маанидеги кадам деп баалады.

"Бирок президент, мен жана башкалар айтышкандай, ушуну менен гана токтоп калганга болбойт. Алдыда дагы көп маселелер турат, алда канча көп иштерди жасоо керек",-деп айтты Клинтон. Буга кошо Иранга жаңы санкциялар жарыялоо маселеси али күн тартибинен түшө электигин да эскертти.

Быйылкы шайлоого кайрылып, мамлекеттик катчы ирандыктардын демократиялык тилек-дамаасын АКШ изден тайбай колдой берерин белгиледи. Бир кезде АКШ Советтер Союзу менен атом чөйрөсүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол эле учурда адам укуктарын козгоп келгенин эске салып, ушул позиция Иранга да колдонула турганына ишендирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG