Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Евробиримдик Грузияга виза жеңилдигин берди


2008-жылы Орусия менен согушту баштан өткөргөн Грузиянын атуулдары Европага визасыз каттамды күтүп жатышкан.
2008-жылы Орусия менен согушту баштан өткөргөн Грузиянын атуулдары Европага визасыз каттамды күтүп жатышкан.

Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү жана парламент мүчөлөрү Грузия менен визасыз каттам тууралуу келишимди ишке киргизе турган акыркы документтерге 1-мартта кол коюшту.

Маалыматка ылайык, ал документтер 8-мартта Евробиримдиктин расмий журналына жарыяланып, 20 күндөн кийин күчүнө кирет. Натыйжада грузин атуулдары 28-марттан тарта Шенген зонасына кыска мөөнөткө визасыз каттай алышат.

28-февралда Евробиримдик Украинага виза жеңилдиктерин берүү маселесин да талкуулады.

XS
SM
MD
LG