Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Кечээ дүйнө салган АКШ сенатору Э. Кеннединин кадыр-баркы тууралуу бул өлкөдө жашап жаткан кыргыз жараны А. Жумабаевди кепке тарттык.

- Акылбек мырза, кечээ 77 жаштагы АКШнын сенатору Эдуард Кеннеди кайтыш болду. Маркумдун эл арасындагы кадыр-баркы кандай эле?
Акылбек Жумабаев

- Эдуард Кеннеди Америкада азыркы учурда элдин баары сыйлаган адамдардын бири болчу. Президент Обама айтып кеткендей эле, Кеннеди демокартиялык партиянын эң бир көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири жана Кеннеди менен демократиялык партия бул синонимдей эле болуп калган деп айтып кетсек болот. Маркум карапайым элдин турмушун жакшыртуу үчүн абдан көп иштерди жасап жана көп мыйзамдарды кабыл алууга өзүнүн түздөн-түз салымын кошкон киши эле.

- Эдуард Кеннеди АКШдагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына абдан салымын кошкон адам катары белгиленүүдө. Ошолордун негизигилерине токтоло кетесизби?


- Бул киши албетте көп мыйзамдарды кабыл алууга катышып өзүнүн чоң салымын кошкон киши. Анын баарына токтолсок көп убакыт керек го. Вице-президент Байден айткандай сенатор Эдуард Кеннеди өзүнүн бүт өмүрүн Американын адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына жумшады. Кеннедини "Сенаттын жолборсу" деп айтышчу бул жерде.

- Эми Барак Обаманын саясаты тууралуу да азыноолак сөз кыла кетели, жаңы президент келгенден бери АКШда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

- Албетте Барак Обама азыр бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан кризис учурунда президент болуп калды да. Бирок бүгүнкү күндө Американын көп тармактарында ал өзүнүн болгон ойлорун айтып, көп салымын кошуп жатат. Жаңы команда президент Обама менен кошо көп-көп иштерди жасап жатышат. Анын дагы бир ишин алып карасак, АКШ менен Орусия менен мамилелерин жаңыча түзүүгө өзүнүн көп салымын кошууда. АКШ эли дагы анын ушундай иштерин колдоп жатышат.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG