Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Э.Руше: Француз курамы кайра келээрине ишенем


Франциянын Кыргызстандагы аскер атташеси майор Эдуард Руше
Франциянын Кыргызстандагы аскер атташеси майор Эдуард Руше

"Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордогу франциялык аскерий түзүм Кыргызстандан чыгып, эки жумадан бери коңшу Тажикстанда отурукташты.

Буга Кыргызстан менен Франция ортосундагы аскерий күчтөрдү жайгаштыруу тууралуу келишимдин аяктаганы себеп болгон. Ал эми жаны келишимдин кечеңдешине - эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн узактыгы себеп болууда дешет адистер.

Франциянын Кыргызстандагы аскер атташеси майор Эдуард Руше (Edouard ROUCHER) “Азаттыкка” берген маегинде француз аскерлери Кыргызстанга кайтып келээрине ишеним артып турганын билдирди. Белгилей кетсек, Француз аба күчтөрүнүн аскерий курамы Кыргызстанда 2002-жылдан бери жайгашкан.


“Азаттык” - Майор Руше, Транзиттик Борбордон фрaнцуз аскер курамынын чыгып кетишине эмне себеп болду?

Э. Руше: - Себеби эң жөнөкөй. Анткени, Кыргызстан менен Франция ортосунда "Манас" эл аралык аба майданына француз аба күчтөрүнүн аскер курамын жайгаштуруу тууралуу келишим бар. Бул келишим ушул жылдын октябрь айынын сегизине чейин түзүлгөн. Француз тарап бул келишимди дагы бир жылга узартту үчүн кыргыз бийлигине кайрылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тараптан позитивдүү жооп уга элекпиз.

“Азаттык” - Кыргыз тарап каалоосу эмне экенин билдирдиби?

Э. Руше: - Бул жерде кыргызстандыктар күтүп жаткан бир нече жагдайлар бар. Мен буга кечирээк дагы кайрылам. Мурдагы келишим соңуна чыкканга чейин мен айткандай, кыргыз тараптан позитивдүү жооп уга алган жокпуз. Андан соң, мөөнөт аяктагандай кийин жаңы келишимге жетишкенче бул жерде калууга укуктук нормалар жол бербейт. Ошондуктан, француз аскер курамы эки жума мурда Кыргызстандан Дүйшөмбүгө которулган.

Азыр эки тарап тең Борбор Азиянын бейпилдигин камсыздоочу күчтөргө көмөк көрсөтүүгө кызыкдар. Айрыкча, бул жалгыз гана эл аралык коомчулуктун эмес, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун сактоодогу негизги максаттардын бири деп ойлойм. Биз француз аскерлери жакында "Манастагы" Транзиттик Борборго кайра келет деп ишенебиз. Анткени, "Манастын" иштөө шарты, айрыкча техникалык шарт Дүйшөмбүгө салыштырмалуу жакшы.


“Азаттык” -
Француз аскер курамы эмне милдет аткарат, Ооганстандагы согуш аракеттерине катышабы? Кандай курал-жабдыктарга ээ?

Э. Руше: - Биздин аскерий курам Ооганстанда бейпилдикти орнотуучу эл аралык күчтөрдүн учактарын асмандан күйүүчү май менен жабдып турат. Биздин аскердик топко тиешелүү С-135 деген чоң учак бул милдетти аткарат.

“Азаттык” – Аскерлердин саны канча?

Э. Руше: - Аскерлердин саны 30-32ге жетет. Учкучтар, техникалык-административдик кызматкерлер баары ушунун ичинде.

“Азаттык” – Майор Руше, демек Сиздер "Манас" эл аралык аба майданына кайра келебиз деген ишенимде экенсиздер да?

Э. Руше: - Албетте, биз буга абдан ишенебиз. Мындай чечим бул чөлкөмдөгү ар бирибиздин кызыкчылыгыбызга туура келет. Франция Ооганстандагы эл аралык коалицияга бараандуу салым кошуп, терроризмге каршы күрөшүп келет. Биз Ооганстандагы тынчтык үчүн баа жеткис эмгек кылып жатабыз, өзүбүздүн отуз төрт жоокерди ооган согушунда жоготтук.

“Азаттык” – Массалык маалымат каражаттары кыргыз тарап француз аскер күчтөрүн жайгаштыруу үчүн акча талап кылып жатыптыр деп жазып чыгышты. Мындай маалыматтын канчалык чындыгы бар?

Э. Руше: - Менин бул суроонузга “жок” деп так жооп берем. Мунун түшүндүрмөсү эң жөнөкөй. Азыр жүрүп жаткан сүйлөшүү акча тууралуу эмес. Албетте, Кыргыз Республикасынын өзүнүн күткөнү бар. Учурдагы сүйлөшүүлөр тууралуу кеп кылганда эки орчундуу себепти эске алалы.

Биринчиден, мен аскер, коргонуу боюнча атташемин. Кененирээк түшүндүрмөнү Париждеги аскердик жогорку жетекчилик гана бере алат. Экинчиден, сүйлөшүүлө учурда уланып жатат.

Өткөн жумада президент Саркозинин атайын өкүлү Бишкекке келип, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер жана коргоо министрлери менен жолугушкан. Анда эки өлкө ортосунда кызматташтыкты күчөтүү талкууланды. Демек, сүйлөшүүлөр уланууда жана француз аскерлери кайра Кыргызстанга келип, Борбор Азияда бейкуттукту камсыз кылууга салым кошооруна ишенебиз.

Азаттык” – Демек, кыргыз тарап Франция өкмөтүнөн акча алууну көздөп жатат деген чындыкка жатпайбы?

Э. Руше: Жок-жок. Бул чындыкка жатпайт. Мен сүйлөшүүлөрдүн майда-чүйдөсүнө чейин айта албайм. Бирок акча сурап жатат деген жалган маалымат. Менин айтайын дегеним, маалымат каражаттары шашылыш түрдө туура эмес маалымат таратууда. Маселен, айрым ММК ушул айдын башында кыргыз парламентинин бир гана комитетинде каралган маселени парламент француз аскерлерин Кыргызстандын аймагында жайгаштурууга улуксаат берди деп жазышыптыр. Иш жүзүндө парламент комитетинин маселени кароосу алгачкы техникалык кадам гана болуп эсептелет.

“Азаттык” – Майор Руше, сиз деле жакшы билгендей, "Манас" аба майданындагы америкалык базанын айланасындагы кыргыз-америка соодалушуусу узакка созулуп, анан тараптар бир чечимге келишти. Франция өкмөтү дагы өз аскерий күчүн калтыруу максатында Кыргызстанга кандайдыр бир төлөм сунушташы мүмкүнбү?

Э. Руше: - Сиздин суроо бир топ логикалуу суроо. Бугы мен азыр жооп бере албайм. Анткени, менин так жообум жок. Экинчиден, менин жообум болсо да, сүйлөшүүлөр аягына чыкмайын мен эч нерсе айта албайм. Анткени, мындай сүйлөшүүлөр учрунда биз эки тараптын тең адистерине тынч, жагымдуу шартта иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүбүз керек. Бирок мен берилген суроого башкача жол менен жооп бере алам.

Биз экономикалык гана көз карашты карманбастан, андан да кененирээк өлчөмдө карообуз керек. Аскердик жактан алып караганда, эффективдүү кызмат өтөө, өз-ара колдоо. Маселен, "Манас" аба базасында биз америкалык аскердик күчтөрдөн эбегейсиз колдоо алып турдук. Бул бизге абдан пайдалуу болду. Мындай кененирээк көз карашта карасак, бул чөлкөмдөгү коопсуздуктун баасын же бейстабилдүүлүктүн салакасын акча менен өлчөө кыйын. Ал миллион эмес миллиард деп саналышы мүмкүн. Ошондуктан бул жерде акчадан да баалуу стратегиялык нерселер жатат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG