Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Грузия Оогандагы аскерлеринин акысына эмне алат?


Грузия НАТО менен биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп турат. Акыркысы 2009-жылы май айында болду.
Грузия НАТО менен биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүп турат. Акыркысы 2009-жылы май айында болду.

АКШга өнөктөш өлкөлөрдөн Грузия Ооганстанга кошумча бир миңге жакын аскер жөнөткөн жатат. Президент Барак Обаманын чакырыгына расмий Тбилиси мына ушундайча жооп берди. Мунун ордуна Тбилиси эмне алат?

Акыркы бир жылдан бери эле Грузия АКШ президенти Барак Обаманын администрациясынын көңүлүн бурууга абдан аракеттенип келүүдө.

Балким соңку кадамы аркылуу расмий Тбилиси ийгиликке жетиши да мүмкүн. Ооганстанда буга чейин эле 170тей грузин аскери кызмат өтөп келген. Эми өлкө бийликтеринин өткөн аптадагы жарыясына караганда, Грузия келерки жазга карата НАТОнун Ооганстандагы миссиясы үчүн кошумча 1000ге жакын же бир батальон жоокер жиберет.

Муну менен чакан Грузия өлкө калкынын жанбашына бөлө келгенде, Ооганстанда аскери эң көп өлкөгө айланмакчы.

Уятка калтыруу эмес, бирге туруу

Грузиянын бул салымы - Ооганстандагы чет элдик аскерлердин санын көбөйтүп, аларды 140-150 миңге чейин жеткирүүнүн алкагындагы иш.

АКШ өзү Ооганстанга кошумча 30 миң жоокер жиберерин президенти Барак Обама ушул айдын башында жарыялаган. Ал эми НАТО өлкөлөрүнө дагы 7 миңдей жоокер кошуу милдети жүктөлгөн.

Расмий Тбилиси кошумча контингент боюнча жарыясын НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жакынкы жыйыны учурунда жасады. Ал жыйында да Грузияга НАТОго кирүү жолундагы эң чечүүчү баскыч болгон - Мүчөлүк аракет планы берилген жок.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин башчысы Ека Ткешалашвили “Азаттык жана Эркин Европа үналгысынын" Грузин кызматы менен маегинде белгилегендей, Грузиянын азыркы салымы, анын уюмга кирүү боюнча узактан берки мүдөөсүнүн келечеги али бүдөмүк бойдон калып жатканына карабай, НАТОнун миссияларына кол кабыш кылууга ал олуттуу мамиле жасаарын көргөзүүдө:
Ека Ткешалашвили


- Биз берип жаткан белги - Грузия коркунуч алдында турган өлкө катары, коопсуздуктун керектөөчүсү гана эмес, такай салым кошуучусу да экендигинде. Мен өнөктөштөрүбүз муну түшүнөт деп ишенем.

Биз жөнөтүп жаткан контингент Батыш Европа өлкөлөрүн көлөмү жана мазмууну жагынан уятка калтыруусу мүмкүн. Бирок биз муну бирөөлөрдү уятка калтыруу үчүн эмес, өнөктөштөр менен бирге турууга даяр экендигибизди көргөзүү үчүн гана жасап жатабыз.


Азыркы грузин президенти Михаил Саакашвили 2004-жылы бийликке келгенден бери Батышка интеграцияны өзүнүн тышкы саясатындагы борбордук багыт катары белгилеген. Ал АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун администрациясынан бекем колдоо алган.

Бирок Барак Обаманын өкмөтү мурдагы приоритеттерден четтеп жана Орусия менен каршылашуудан чочугандыктан өзүн Саакашвилиден оолак кармап келүүдө. Ошондой эле Орусия менен былтыркы августтагы согуш жана анын дарегине адам укуктары, демократиянын абалы боюнча сындардын күчөөсү Грузиянын президентинин келечегине доо кетиргендей болду.

АКШ ыраазы, бирок акысына эмне бериши мүмкүн?

Андыктан грузин тараптын АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан боюнча максаттарын кош колдоп кубаттоосу, анын ордуна расмий Тбилиси Вашингтондон эмне алышы мүмкүн? деген табигый суроону жаратат.

Айрым серепчилер болсо грузин тарап жакшы санаалаштык мамиледен башка азырынча эч нерсеге арзыбай тургандыгын айтышууда.

Эдвард Лукас (Edward Lukas) - Британиядагы “Экономист” жумалыгынын Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча кабарчысы, “Жаңы кансыз согуш” деген китептин автору.

Анын пикиринде, Грузия өз коңшусу Орусия менен касташып жаткан шартта, анын соңку кадамы пайдасын тийгизиши мүмкүн:

- Грузиялыктар коңшусун эске алганда оор абалда турганын жана Американын кызыкчылыгы Орусиянын келечектеги болжолдуу агрессиясына каршы унчукпаган коопсуздук кепилдигин берерин билишет. Андыктан, Американын сезимин кармаган жана аны ыраазы кылган нерселердин баары жакшы.


Америкалык расмий өкүлдөр да Грузиянын Ооганстанга аскер жиберүү жаатындагы салымына дароо эле ыраазычылык билдирди.

АКШнын Европадагы аба күчтөрүнүн командачысы, генерал Рожер Брейди (Roger Brady) ушул дүйшөмбүдө (7-декабрда) Тбилисиде болгон учурунда Грузиянын чечимин башкалар үчүн “үлгү” катары мактады.

Ага дейре АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да Брюсселде НАТО – Орусия кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Вашингтон Грузиянын “өтө маанилүү миссияга кошкон салымы үчүн абдан ыраазы” экенин айткан.

Бирок айрым эксперттердин пикиринде, АКШ президенти Барак Обаманын администрациясы Грузиянын кайсыл бир күнү НАТОго кирүү укугун тааныганы менен алдыда колдоо көргөзчүдөй эмес.

АКШдагы Колумбия университетинин профессору, “Ишенимсиз демократия: АКШнын тышкы саясаты жана Грузиядагы роза ыңкылабы” деген китептин автору Линкольн Митчеллдин (Lincoln Mitchell) көз карашында, президент Обама грузин кесиптеши Саакашвилинин НАТОго кошулуу мүдөөсүн алдыга жылдыруу үчүн саясий капиталды колдонууну көздөгөн күндө деле Германия, Франция сындуу европалык өнөктөштөрүнүн катуу каршылыгына кабылат:

- Ал (Саакашвили) НАТОНу ала албайт, Обама аны тартуу кыла албайт. Менимче муну моюнга алуу АКШ администрациясы үчүн маанилүү жана алар моюнга алган. Бул жакшы иш. Болжолумда кандайдыр бир деңгээлде муну Саакашвили да моюнга алды.

Президент Саакашвилинин өзү өткөн аптада аскерлер алдында сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн Ооганстандагы согушка катышуусун Грузиянын коопсуздугуна тикелей байланыштырды. АКШ менен НАТО ооган жаңжалы менен алактенип жатканда, Орусиянын кубаты жана Түштүк Кавказдагы агрессиясы артып жатканына токтолгон Саакашвили “Ооганстандагы кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, Грузия ошончолук жакшы корголот”, - деп белгиледи.

Алсыз оппозиция

Ал эми коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Грузияда эл арасындагы маанай бир кылка эмес. Тбилисиде суралгандардын 44,9%ы аскерлердин Ооганстанга барышын колдосо, 43,4%ы каршы чыккан, 11,7% ак же көк деп айта алган эмес.

Айрым жергиликтүү талдоочулар болсо коомдук пикирдин буга окшогон жыйынтыктарына карабай, аскерлердин жиберилишине каршы оппозиция алсыз деп эсептешет. Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Тбилисидеги институттун эксперти Архил Гегешидзенин пикиринде, Ооганстандагы аскерий аракеттерди НАТО жетектеп жаткандыктан, грузиндердин көбүнүн бул альянска карата көзү түз.


- Ооганстандагы аскерий өнөктүк НАТОнун өзү жана анын келечеги үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин баары түшүнгөндүктөн, Грузиянын аскер жөнөтүүсү оң чечим катары каралууда.

Грузия кезинде АКШнын Ирактагы аскерий өнөктүгү үчүн да жардам берген. Эң көп учурда грузин аскерлеринин саны 2000ге чейин жеткен болчу. Алар былтыр августта Орусия менен согуш учурунда Ирактан атажуртуна чыгарылып келди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG