Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Сузакта окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Шерзат Алимжанов
Шерзат Алимжанов

Жалал-Абаддын Сузак районунда асынып алган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Сузак райондук ички иштер бөлүмү иликтөө жүргүзүүдө. Баланы кармап, ата-энесин катыштырбай суракка алган милиционерлердин аракетинин мыйзамдуулугу да каралат.

15 жаштагы Шерзат Алимбеков 23-октябрда асынып алган. Аны айылдаш баланын 10 миң сомун уурдоого шектеп милиция кармап, туугандары акчаны төлөгөн. Маркум жазып калтырган катта уурулук кылбаганын, акча жоготкон адам сабап, андан соң милициядагы сурактан улам мойнуна алганы белгиленген.

Шерзат Алимжанов катында Орусияда иштеп жаткан апасын көрө албай калганына өкүнүчүн да баяндаган.

XS
SM
MD
LG