Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Колин Пауэлл: Клинтонго добуш берем


АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, республикачыл Колин Пауэлл 8-ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо демократ Хиллари Клинтон үчүн добуш берерин билдирди.

Ал 25-октябрда жасаган билдирүүсүндө президенттикке ат салышып жаткан, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трампты тажрыйбасыз деп баалады.

“Трамп Американы дээрлик күн сайын шылдың кылат. Ал латын америкалыктардын, афроамерикалыктардын беделине шек келтирди. Аялдарды мазактады. Атургай ал өзүнүн партиясын уят кылды", - деген Пауэлл Клинтонду жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жакшы билген досу катары баалады.

“Клинтон акылдуу жана жөндөмдүү. Ал жакшы мамлекеттик катчы болгон. Кошмо Штаттардын президенти болуу үчүн тажырыйбасы жетиштүү жана бул кызматты мыкты аткарат деген ойдомун”.

Колин Пауэлл 2001-2005 жылдары Жорж Буш президент маалында АКШнын мамлекеттик катчысы болгон.

XS
SM
MD
LG