Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Молдовада президенттике аттанган батышчыл саясатчы өз талапкерлигин алып салды


Молдовадагы Демократиялык партиянын төрагасы Мариан Лупу
Молдовадагы Демократиялык партиянын төрагасы Мариан Лупу

Молдованын бийликтеги коалициясынан талапкер 30-октябрда өтө турган президенттик шайлоодон өз талапкерлигин алып салды.

Батышчыл саясатчы жана Демократиялык партиянын төрагасы Мариан Лупу 26-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында өз талапкерлигин башка өнөктөшү, мурдагы билим берүү министри Майя Сандунун пайдасы үчүн алып жатканын билдирди.

Мариандын айтымында, 30-октябрда өтчү шайлоодон Сандынун алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Ал өз тарапташтарын Сандуга добуш берүүгө жана башкы атаандаш деп эсептелген, орусиячыл Игорь Додонду жеңүүгө жардам көрсөтүүгө чакырды.

30-октябрда Молдова эли президентти түз шайлайт. 1996-жылдан бери бул өлкөдө президентти парламент шайлап келген.

XS
SM
MD
LG