Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

АКШнын жаңы өзөктүк стратегиясы жарыяланат


АКШ президенти Барак Обама Вашингтондогу маалымат жыйынында. 26-март, 2010-ж.
АКШ президенти Барак Обама Вашингтондогу маалымат жыйынында. 26-март, 2010-ж.

АКШ өкмөтү бүгүн өлкөнүн өзөктүк куралдар боюнча жаңы стратегиясын жарыялайт. Барак Обама АКШ атомдук курал колдоно турган шарттардын тизмесин кескин азайтууну көздөп жатат.

АКШнын өзөктүк куралдар боюнча жаңы стратегиясы шейшембиде, Вашингтондо өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча ири эл аралык конференция ачылаар алдында жана Орусия менен ушул жааттагы келишимге кол коюлаарына эки күн калганда жарыяланмакчы. Документ Пентагон жана чет элдик өнөктөштөр менен бир жылга созулган талкуу-кеңешменин соңунда жарык көрүүдө.

5-апрелде “Нью Йорк Таймс” гезитинде жарыяланган интервьюсунда АКШ президенти Барак Обама анын администрациясы өзөктүк куралы жок өлкө АКШга каршы биологиялык, же химиялык куралды колдонуп чабуул койгон күндө да, ага каршы өзөктүк курал колдонбоо керек деп эсептээрин айтты. Анын ордуна АКШ эски жана жаңы үлгүдөгү кадимки курал колдонууну туура көрөт, - деди Обама. Андай ыктымал кол салчу өлкөлөр арасында Иран менен Түндүк Кореяга айрыкча мамиле жасалышы абзел. Обама “Иран өзөктүк куралга ээ болууга умтулуп жатканына” ишенээрин кошумчалайт.

Эксперттер АКШ президенти буга чейин атомдук куралсыз дүйнө куруу кыялын бир нече ирет айтканын эске салып, Вашингтондун азыркы документи ошол багытта даярдалганын белгилешет.

Вашингтондогу Курал-жаракты көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Киңстон Рейф АКШ башка өлкөлөр да өзөктүк куралдарды колдонуу шарттарын азайтууга барышын каалайт деп белгилейт. “Эмки аптада өтө турган өзөктүк коопсуздук саммити жана ушул маселеге арналган конференцияда азыркы жаңы стратегия мурдагы статус кводон өтө деле алыс кетпегени Вашингтонду кыжаалат кылбай койбойт, - дейт Киңстон. - АКШ өзүнүн өзөктүк куралдарды жайылтпоо аракетине дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөн колдоо табуу жагынан бир аз кыйналышы мүмкүн”.

АКШнын өзөктүк куралдар боюнча жаңы стратегиясы жарыялана электе эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эгерде Американын ракеталардан коргонуу боюнча болочок планы азыркы дүйнөдөгү өзөктүк куралдар балансына доо кетирсе, Москва жаңы келишимден чыгып кетүү мүмкүндүгүн четке какпайт деп билдирди.

- Качан жана эгерде бул пландарды ишке ашыруу аракеттерине байкоо жүргүзгөн биздин адистер АКШнын ракетадан коргонуу пландары Орусиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнө коркунуч келтирчү деңгээлге жеткенин билдирсе, анда биз бул жаңы келишимден чыгып кетүү мүмкүндүгүнзн пайдаланабыз.

Вашингтондук адистер Обаманын администрациясы Кремль менен эки өлкөнүн кампаларында катылып жаткан узак жана жакын аралыктагы миңдеген өзөктүк дүрмөттөрдүн саны тууралуу сүйлөшүүнү кааларын маалымдашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG