Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Көпчүлүк АКШдан кооптонот, бирок ага ишенет дагы


Дүйнө калкынын 60 пайызы жашаган 20 мамлекетте жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоодон АКШда Барак Обама президент болуп калгандан бери АКШга карата мамиле көп өзгөрбөгөндүгүн көрсөттү. Ошол эле мезгилде америкалык университет жүргүзгөн иликтөөдө суралгандар Обаманын президенттиги дүйнөгө да, Американын өзүнө да жакшылык алып келет деген көз карашын билдиришти.

Сурамжылоо АКШдагы Мэриланд университетинин Эл аралык Саясат мамилелерин иликтеген программа тарабынан жүргүзүлдү.

Бул иликтөөгө 20 мамлекет, анын ичинде АКШ тартылды. АКШны кошпогондо 19 өлкөдөн 15и Вашингтонду куралдуу күчү менен башка мамлекеттерди коркутат деп эсептээри аныкталды. 17 өлкө Кошмо Штаттарын эл аралык мыйзамга баш ийбейт деген ишенимде.

Ошол эле убакта 19 өлкөдөн 13ү же 61 пайызы америкалык жаңы президент Барак Обаманын тышкы саясатына жогору баа берди.

Мындай карама-каршылыктуу көз караштарды кандайча түшүндүрүүгө болот? Аталган программанын сурамжылоо борборунун директору Стив Кулдун айтымында, бул жагдайды жакында АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына салыштырса болот. Анда америкалыктар Обаманын экономиканы көтөрмөлөөгө чоң каражат сарптап, бүжеттин тартыштыгы эбегейсиз чекке жеткендигине терең тынчсыздануу билдиришкен, ошону менен катар алар Обама экономиканы туура жолго салып жатат деген ишенимде болушкан.

- Обаманын администрациясы ишке киришкенине бир топ болуп калса да, чет өлкөлөрдө көпчүлүк АКШны кара күчкө таянган, эрежелерди сактабаган өлкө деп көрөт. Сурамжылоого катышкандар мындай жагдай жакын арада өзгөрөт деп ойлобойт. АКШнын тышкы саясатына президенттин турумунан тышкары көп башка факторлор таасир этет. Кызыкчылык топтору, АКШнын армиясы сыяктуу тараптардын таасири чоң деп саналат. Ошондой эле президент оппозициядагы респубкикачыларга кылчактайт, себеби алар аны сындап, же алсыз деп санашы мүмкүн. Обама бул өңдөнгөн көп факторлорго көңүл бурбайт, бирок суралгандар Обама аларды көңүл сыртында калтырбаш керек деп эсептешет.

Мусулман өлкөлөрүндө кырдаал бөлөкчө. Ирак менен Египетте суралгандардын дээрлик 60 пайызы, Пакистанда дээрлик 70 пайызы Обамага анча же такыр ишенбейт.

Орусияда да көрсөткүчтөр мусулман өлкөлөрүнүкүнө чукул. Мында калктын 55 пайызы Обамага ишенбейт. Америкалык жаңы президентке ишенгендер ага ишенбегендердин жарымын гана түзөт.

Дүйнөлүк орточо көрсөткүч боюнча, суралгандардын 61 пайызы Обамага ишеним билдиришкен.

Бирок Орусияда позитивдүү көрсөткүчтөр да жок эмес. Тактап айтканда, орустардын дээрлик жарымы, же 47 пайызы АКШ кызматташууга кызыгат деп эсептейт, ал эми 41 пайызы АКШ адам укуктарын урматтайт деп ишенет.

Оптимизмдин мындай белгилерине карабастан Стив Кул орусиялыктар көпчүлүгүндө Кошмо Штаттары Орусиянын таасир чөйрөсүнө көз артат деп шектенет. Анын ичинде НАТОнун кеңейишин жана Грузияга колдоону аташат. Ушундан улам орусиялыктардын АКШга оң да, терс да мамиледе болушун түшүнүү мүмкүн деп белгилейт Кул:

- Чыгыш Европада пландалган ракетадан коргонуу системасына байланыштуу Обама мурдагы президент Жорж Буштан бөлөкчө ишаарат кылып жатат. Ал сүйлөшүүгө ачык экендигин билдирүүдө. Али сүйлөшүү баштала элек, бирок кур дегенде маселе талкууга алына баштады. Ушундан улам Обама кызматташтыкка кызыкдар деген түшүнүк пайда болду. Бирок орустар Орусиянын айланасында кандайдыр бир оюн жүрүп жаткандай сезишет. Америкалыктар ал оюндан жеңүүчү болуп чыккысы келет деген шектенүү бар. Орустардын Обаманы кыртышы сүйбөй жаткандары ошондон.

Кыртышы сүйбөөчүлүктү кошпогондо, Кошмо Штаттарына эки багытта оң баа берилди. Бири 19 өлкөнүн көпчүлүгү же 59 пайызы алардын ичинде 47 пайыз менен Орусия, 51 пайыз менен Кытай АКШны кызматташууга кызыкдар деп санашат. АКШ ошондой эле адам укуктары жаатында жакшылардын катарында аталды. Азербайжанда, Кения, Нигерия, Түштүк Кореяда суралгандардын 80 пайызга чукулу ушундай пикирде. Ал эми жалпысынан 19 өлкөдө орточо көрсөткүч менен 51 пайыз эл бул жаатта АКШга жогору баа беришти.

XS
SM
MD
LG