Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Обаманын кайрылуусуна мусулмандар эмне дейт?


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Каирде дүйнө мусулмандарына кайрылып, эл аралык коомчулук көптөн назар кадап күткөн сөзүн айтты. Обама эң башкысы Америка менен мусулман дүйнөсү ортосундагы жаңы мамиленин башталышын көргүсү келээрин белгиледи. Каирдеги университетте жасалган кайрылуу ар башка өлкөлөрдө ар түрдүү пикирлер жаратты.

Барак Обаманын Каирдеги кайрылуусу, албетте, жалпысынан дүйнө мусулмандары тарабынан жакшылыктын белгиси, жалаң Батыш баалуулуктары таңууланбай, ич ара бири-бирин түшүнүшүү жаатындагы жаңы кадам катары кабылдагандай. Кайлыруунун айрым талылуу жерлерине токтолсок, АКШ президенти арап өлкөлөрү чыдамсыздык менен күткөн Жакынкы Чыгыш жаңжалы тууралуу буларды айтты:

- Израил – бул өлкөнүн жашоого болгон укугун эч ким танбагандай, Палестина да ошондой эле укукка ээ экенин моюнга алышы керек. АКШ Израилдин палестин аймактарындагы конуштарын кеңейтүү аракеттерин кабыл албайт. Мындай курулуштар мурдагы макулдашууларды бузуп, тынчтык орнотуу аракеттерине зыян келтирүүдө. Бул курулуш иштерин токтото турган мезгил келди, - деп Тель-Авив тарапка ачык-айкын кулак кагыш жасады АКШ президенти.

Обама Жакынкы Чыгышта бейпилдик орнотуш үчүн Израил менен Палестина экөө бирдей өз милдеттенмелерин аткарып, тынчтыкты көздөй кадам ташташы керек деп жаткан чакта палестин армиясы радикал хамасчыларга каршы рейд өткөрүп, Газа секторунда бир полициячы набыт болгону кабарланды. Маалымат агенттиктери бул окуя Палестинанын өзүндөгү ички карама-каршылыктарды күчөтөт деп эскертүүдө.

Ал тапта Палестин премьер-министринин кеңешчиси, Хамас уюмунун өкүлү Ахмед Юсеф АКШ президентинин Каирде айткандарын кызуу кубаттады:

- Бул өтө жакшы сөз болду. Барак Обаманын айткандары айрыкча дүйнөдө мусулмандар менен Батыштын ортосунда, же цивилизациялар ортосунда эрегиш бар деп ойлогондордун пикирин өзгөртөт деп күтөбүз. Бери дегенде Америка мусулмандарга каршы куралдуу операция даярдап жаткан жок, тескерисинче диалог, сүйлөшүү аркылуу АКШ мусулмандарды өзүнө тартып, ортодогу түшүнүшүүнү жакшыртуу ниети бар экенин көргөзө алды”.

Байкоочулар андан сырткары Барак Обаманын Каирдеги сөзүндө Ирандын тынч максатта өзөктүк программасын өнүктүрүү укугу бар деп айтканын дагы бир жылыш катары белгилешүүдө.

- Мен Ирандын жетекчилерине жана элине биз алдыга жылууга даяр экенибизди ачык билдирдим. Бул жалаң Американын кызыкчылыгындагы иш эмес. Бул – Жакынкы Чыгышта атомдук курал жарышын болтурбоо аракети. Мен эмне үчүн айрым өлкөлөр атомдук куралга ээ болушу керек, башкаларга жол жок деген пикирди түшүнөм. Бир да мамлекеттин “бул өлкө өзөктүк куралга ээ боло алат, тигиниси боло албайт” деп чечүүгө укугу жок. Ошондуктан мен Американын бир кезде бир да өлкөдө атомдук курал болбошу керек деген ниетин кызуу колдойм. Ошол эле маалда Иран, же кандай болбосун башка өлкө - өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимдин алкагында, тынч максатта өз өзөктүк программасын өнүктүрүү укугуна ээ, - деди АКШ президенти.

Борбор Азиялык динаятчы, аалымдар да Барак Обаманын Каирдеги университетте кызуу кол чабуулар менен коштолгон кайрылуусун дилгирлене тыңдап, аны мусулмандарга карата кийинки жылдары калыптана баштаган терс көз карашты өзгөртүү белгиси катары кабылдаганын айтышууда.

Казакстан мусулмандар биримдигинин жетекчиси Мурат Тилебеков:

Президент Обаманын бул сөзүнөн кийин саясатта, же экономикада чоң өзгөрүү болуп кетпейт ко. Бирок баары бир бүгүнкү кайрылуунун терең маңызы бар. Жок дегенде мусулмандарга карата соңку жылдары күчөп кеткен жагымсыз көз караш өзгөрө баштайт деп үмүттөнөм. 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин мусулмандар террор менен экстремизмге байланышы бар деген пикир пайда болгон. Обаманын бүгүнкү кайрылуусунан кийин мусулмандар дүйнөсү менен Батыш жана Америкалык цивилизация ортосунда ачык баарлашуу, пикир алмашуу орнойт деп ишенем.

АКШнын Дүйшөмбү шаарындагы элчилиги айрым тажик динаятчы, коомдук ишмерлерин чогултуп, Обаманын кайрылуусун түз эфирде көргөзгөн экен. Ал жерде болгон Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Мухибилло Додожонов “Азаттыктын” кабарчысына өз көз карашын билдирген.

- Бул эми АКШ президентинин алгачкы кадамы. Мунун артында дагы жаңы кадамдар жасалып, бүгүн айтылган сөздөр турмушка ашырылса, жалпы дүйнө бейкапар, бейпил боло түшөөрү шексиз. Бирок мусулмандар Америка тууралуу бир аз терс көз карашта дегенине кошула албайм, Тажикстандык мусулмандар Америкага, Орусияга карата, баарына бирдей оң көз карашта, тынч гана кызматташкыбыз келет.

Үмүт отун жандырган сөздөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG