Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Обама кыйноо сүрөттөрүн ачыкка чыгаруу ниетинен баш тартты


Барак Обама кыйноо сүрөттөрүн "жашыруун" сактамакчы
Барак Обама кыйноо сүрөттөрүн "жашыруун" сактамакчы

Буга чейинки турумун өзгөртүп, АКШнын президенти Барак Обама террорчулар деп шектелген адамдарды америкалык аскер кызматкерлери кыйнап жаткандыгын көрсөткөн жүздөгөн сүрөттөрдү ачыкка чыгаруудан баш тартты. Мындай күтүлбөгөн жарыясын жасаганда Обама катаң сурак ыкмалары үчүн жоопкерлерди кечирбей тургандыгын, бирок сүрөттөр чет өлкөлөрдөгү америкалык аскерлерге карата терс маанайды күч алдырат деп кооптонуп жаткандыгын билдирди. Сүрөттөрдү ачыкка чыгарбоо чечими укук коргоочуларды катуу кабатыр кылды.

Президент Обама өз чечимин шаршемби күнү Ак үйдө журналисттер менен жолугушканда жарыялады:

– Бул сүрөттөрдү ачыкка чыгарсак, бир ууч адамдардын буга чейин кылгандарын түшүнүүгө көп деле салым кошмок эмеспиз. Бирок аларды жарыяласак, биринчи кезекте Америкага каршы пикирди козутуп, биздин аскерлерге келтирилген коркунуч күч алмак.

Обама администрациясы өткөн айда эле Иракта жана башка жерлерде АКШ көзөмөлдөгөн түрмөлөрдүн ичинде тартылган сүрөттөрдү ачыкка чыгаруу тууралуу соттун чечимин аткармакчы болгон. Сот мындай чечимге Америкалык Жарандык Эркиндиктер биримдигинин талабы менен келген.

Обама бул сүрөттөр 2004-жылы ачыкка чыгарылган Ирактагы Абу-Грейб түрмөсүндөгү сүрөттөрчөлүк шойкомдуу эмес деп ырастады. Ал сүрөттөр бүт дүйнөдө, айрыкча мусулман өлкөлөрүндө АКШга каршы маанайды катуу күч алдырган эле.

Шаршембидеги сөзүндө Обама кармалгандарды кыйноого жол берүүгө болбой тургандыгын, мындай көрүнүштөр америкалык баалуулуктарга каршы келээрин белгиледи. Ал ошондой эле сүрөттөрдө камалгандарды кыйнап жаткандарга карата 2004-жылы эле «тийиштүү чара» көрүлгөнүн кошумчалады.

Обаманын администрациясы эми сотко кайра барып, сүрөттөрдү жашыруун сакташ керек деген турумун жаңы фактылар менен бекемдеши керек болот.

Обаманын турумунун өзгөрүшү укук коргоочуларды терең нааразы кылды. Бул уюмдар жаңы администрациянын «өкмөт ачык саясат жүргүзөт, Жорж Буштун мезгилиндеги калпыстыктардан кийин адам укуктарынын америкалык стандарттары сакталат» деген убадасын кош колдоп кабыл алышкан эле.

Америкалык Жарандык Эркиндиктер уюму Обаманын соңку чечими анын тунуктукту жана жоопкерчиликти сактоо убадасын шылдың кылганга тете экендигин белгиледи. Укук коргоочу Эл аралык Мунапыс уюму сүрөттөр тууралуу кеңири маалымат болбогонун, кыйноо саясатына жол берген америкалык расмий өкүлдөр жаза албаганын эскертти.

Обама эмне үчүн пикирин өзгөрттү? Шаршембиде Өкүлдөр палатасынын куралдуу кызматтар комитетинде берген көрсөтмөсүндө АКШнын Коргонуу катчысы Роберт Гейтс бул суроого мындайча жооп берди:

– Биздин кол башчылар, Ооганстандагы генерал Давид МакКирнан да, Ирактагы генерал Одиерно да сүрөттөр ачыкка чыгат дегенге катуу тынчсыздануу билдиришти. Алар бул сүрөттөр үчүн Кошмо Штаттары өз жарандарынын өмүрү менен жооп берип калат дешти.

Коргонуу департаментинин маалымат кызматына караганда, сүрөттөрдү ачыкка чыгарууга генерал Одиерно айрыкча капа болуп, Гейстти мындай чечимди өзгөртүүгө ынандырган.

XS
SM
MD
LG