Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Р.Жээнбеков: АКШнын Борбор Азияга саясаты өзгөрбөйт


АКШда президенттик шайлоонун алдында элдин маанайы жана бул шайлоо Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгү тууралуу “Азаттыктa” АКШда жүргөн саясатчы Равшан Жээнбеков пикир бөлүштү.

- Равшан мырза, учурда АКШда президенттик шайлоого карата кызуу даярдыктар жүрүп жатса керек. Шайлоонун алдында АКШда элдин маанайы кандай болуп жатат, алгач ушуга токтоло кетсеңиз?

- Шайлоого 5 күн калды. Азыр алдын ала добуш берүүлөр жүрүп жатат. Көзгө урунаар кандайдыр бир өзгөчөлүктөр деле көрүнбөйт, бирок негизинен эки талапкер тең шайлоого аз убакыт калгандыктан болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшашып, көбүрөөк добуш алганга аракет жасап жатышат.

- Кечээ АКШнын улуттук жети телеканалында демократ-сенатор Барак Обаманын үгүт тасмасы көрсөтүлгөн экен. Бул видео-тасма боюнча сиз кандай пикирдесиз? Тасма эл ичинде кандай таасир калтырды?

- Бул- учурда АКШда аябай талкууланып жаткан темалардын бири, себеби АКШ коомчулугу МакКейнди

согушту колдогон келечектеги президент катары кабыл алып жатат. Ал эми Обаманы болсо согуш же болбосо коопсуздук маселелерин тынчтык, дипломатиялык жол менен чече турган талапкер катары көрүшүүдө. Жалпысынан алганда, шайлоочулар арасында азыр экөөнүн тең позициясы бирдей эле болуп келатат.

- Эгерде президенттикке республикачыл Жон МакКейн шайланса, анда АКШнын өзүндө кандай өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн?

- Менин көз карашымча, кандайдыр бир радикалдуу өзгөрүүлөр деле болбойт. Себеби Американын коому да, бийлик институттары да ушунчалык күчтүү болгондуктан, аларга кандайдыр бир маанилүү өзгөртүүлөрдү жасоого жол беришпейт. Ошентсе дагы МакКейн мырза эгерде ал президенттикке келе турган болсо, анда ал маселелерди күч колдонуп чечкенге аракет кылам деп айтып жатат. Бул өз кезегинде шайлоочулардын кооптонуусун жаратууда.

- Ал эми демократиялык партиядан Барак Обама жеңишке жетсе жагдай кандай болот деген жоромолдор айтылууда?

- Б. Обама өзүнүн негизги, тышкы саясатында же болбосо коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде дипломатиялык жолго таянам деген көз карашын айтып жатат. Эми кандай болот, аны да көрө жатаарбыз.

- Жаңы президенттин шайланышы менен АКШнын тышкы саясатында олутту өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү? Маселен АКШнын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга карата мамилеси кандай нукта уланышы ыктымал?

- Кайсы гана президент келбесин, Американын Кыргызстандагы аба базасы же болбосо Американын Борбордук Азияга карата демократиялык принциптери, сөз эркиндигин колдоо саясаты кала берет.Тышкы саясатта өзгөрүүлөр болсо дагы анча деле маанилүү болбойт.

- Буга чейин өңү кара талапкерлер шайлоого чейин колдоого ээ болуп, бирок жыйынтыгында эл ак түстөгү таларпкерге добуш берип келгени маалым. Эми ушундай жагдай кайталынышы мүмкүнбү?

- Ошондой божомолдор бар, анткени буга чейин Жон Керри дагы, А.Гор дагы 5 пайыз алдыда утуп калатып, шайлоонун алдында утулуп калышкан. АКШдагы аналитиктер бул жерде сатып алуучунун психологиясы бар деп айтып жатышат. Мисалы, сатып алуучу дүкөнгө бараарда бир ой менен барат да, келгенде өзүнүн көз карашын өзгөртүп жиберет. Бирок азыр Б. Обама аракет кылып жатат. Эгерде 9 млн.америкалык кара шайлоочу добуш берсе, анда ал утам деген үмүтү бар.

XS
SM
MD
LG