Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Мамкатчы Клинтон Москвадан “куру кол” кайтабы же...


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон менен жолугушууда, Москва, 2010-жылдын 18-марты.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон менен жолугушууда, Москва, 2010-жылдын 18-марты.

Москвага бүгүн эртелеп АКШ Мамкатчсы Хиллари Клинтон эки күндүк ырасмий сапарга келди.

Визит маалында Вашингтондун тышкы саясатындагы үлкөн маселелер: Иранга каршы жаңы санкция киргизүү жана Россия менен ядролук каруу жарак боюнча түзүлчү жаңы келишим талкууланат. Жума күнү АКШ Мамтчысы Жакынкы Чыгыш төрттүгүнүн мүчөлөрү
АКШнын ракета жок кылуучу USS Bainbridge (DDG 96) согуштук кемеси. Жер ортолук деңизи. 10-январь 2008
менен кездешип, Изари-Палестин алакасын талкуулашат.
Россиянын "S-300" стратегиялык ракеталары. Москва.19-март 2008


Сааты келбеген СТРАРТ

Эл аралык коомчулук Клинтон айым Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими боюнча сүйлөшүүнү - президент Барак Обама каалагандай аягына чыгара алабы деп күтүүшүүдө. Кыскача СТАРТ деп аталып, 1991-жылы түзүлгөн бул келишимдин мөөнөтү декабрда бүткөн.

Былтыр жайында президенттер Барак Обама жана Дмитрий Медведев эки жак ядролук куралдарын 25 процентке кыскарталы деп убадалашкан. Бирок да ядролук дүрмөттүн жок кылынганын тастыктоо боюнча талаштан жана Вашингтондун Румынияда ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгүн жайгаштыруу планыдан улам, сүйлөшүү создугууда.

13-мартта Обама жана Медведев телефондон баарлашкандан кийин, Ак Үй эки лидер Ядролук стратегиялык куралдарды төрттөн бирге кыскартуу жөнүндөгү береги келишим чукул арада бүткөрүлөт деп макулдашканын маалымдаган. Андан эки-үч күн мурда Россиянын Тышкы иштер министри С. Лавров тараптар келишимди эки же үч аптада аягына чыгарууну каалашканын кулак какты кылган болчу.

Деген менен, кээ бир серепчилердин оюнча, Клинтон айымдын Вашингтонго даяр келишим менен кайтары күмөн. АКШ Мамкатчсынын Европа мамлекеттери боюнча мурдакы жардамчысы Жэймс Доббинс ортодогу келишпестиктер тууралуу мындай дейт:

- Дайыма бул келишимди бүткөргөнгө бир нече жума калды деп айтылып келген. Азыр да калган карама-каршылыктарды жымсалдоого мүмкүн болбой жатат. Россиянын айрым чечилбеген суроолор бар дегенине караганда, алар АКШны аз да болсо ийдире алабыз деген үмүттө. Бирок келишпестик анча чоң эмес. Ошон үчүн тараптар мунасага барганга мүмкүндүк бар.

Ж. Доббинс учурда RAND коропорациясынын Эл аралык коопсуздук жана коргоо саясаты боюнча борборун жетектейт.

"Тон бычарда" Россиянын тайсалдамайы бар

Ак Үй СТАРТ келишими Ядролук коопсуздук боюнча 12-13-апрелде Вашингтондо өтчү саммитке даяр болушун каалайт. 44 мамлекеттин лидерлери катышкан саммитте СТАРТ келишимине кол койуу, Обманын ишениминде, дүйнөнү ядролук куралдан тазалоонун сонун жарчысы болмок.

Ирандын узак аралыкка учуучу "Shahab-3" ракетасы сыноодон өтүүдө. 28-сентябрь 2009
Хиллари Клинтонду коштоп жүргөн орун басар Мамкатчы Уилльям Бөрнстүн кабарчыларга айтышынча, а узак аралыкка учуучу ядролук дүрмөтүү ракеталар боюнча финалдык келишим качан бүтөрү али белисиз.

Мамкатчы Клинтон айым Москвада көтөрчү экинчи маселе - Ирандын ядролук программасына байланыштуу. Россия Ирандын ядролук куралдуу болушун каалабаганын жана Тегеран уранды байытууну токтотпосо, санкция колдончу мезгил бышып калагынын ачык айткан. Ошентсе да, Москва буга чейин үч ирет Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине келгенде, Иранга жаңы санкция киргизүүнү колдобой койгон. Бул ирет да Москва “тон бычар” мезгил жеткенде, “шайтан мойнун сындырбай” кылт берет деп боолгойт АКШнын Украинадагы мурдакы элчиси Стивен Пайфер:

- Менин оюмча, россиялыктар Коопсуздук кеңешине барганда мурдакыдан бир кыйла катаал санкция колдонууга даярданат.
Изарилдик аскерлер аларды ташбараңга алган палестиналыктарды кууп баратышат. Иерусалимдин ныптасындагы Шуфат качкындар лагери. 16-март 2010
Бирок алар чечүүчү учурда Вашингтон каалагандай катаң чарадан айнып кетет.


Стивен Пайфердин сөзүнчө, узактан бери Иран менен дипломаттык мамиле күтүп жүргөн Россия Тегерандын ядролук бомбалуу болушун каалабашы мүмкүн. Анткен менен, анын коркунучун Вашингтондой баалабайт. Ошон үчүн, Пайфердин айтышынча, Москва кээде маселени дипломаттык жол менен чечсе болот дегенге ооп, маанилүү учурда тайсалдап кетет .

Мамкатчы Клинтон премьер-министр Путинге жолукпайт

Жума күнү Хиллари Клинтон Москвада Жакынкы Чыгыш квартетинин мүчөлөрү менен кездешип, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулайт. Төрттүккө Европа Биримдиги, Россия, АКШ жана БУУ мүчө.

Израил өкмөтү он күн мурда Чыгыш Иерусалимдин палестиндер жашаган бөлүгүнө 1600 турак үй курарын билдиргенден кийин, АКШнын израилдик-палестиндик тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу аракети үзгүлтүккө учурады. Бул АКШ-Израил арасындагы алаканы осолдотуп, дипломаттык кризиске огожо да болду.

Клинтон айым жума күнү президент Медведев менен кездешет. Россиядагы эң бакубат саясатчы эсептелген премьер-министр Путин менен кездешүүсү пландалган эмес.

XS
SM
MD
LG