Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Мигранттар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты


Кыргыз мигранттары.
Кыргыз мигранттары.

Кыргызстанда "Мигранттын маалымдамасы" деген мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Миграция кызматынан кабарлашты. Тиркемеде жакынкы чет өлкөлөр менен Евразия экономикалык бирикмесиндеги мамлекеттерде ишке орношуу үчүн керектүү маалыматтар камтылган. Ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринин байланыш номерлери жазылып, мигрант өзүн «кара тизмеде” бар-жоктугун текшерүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Тиркеме Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болуп, аны Play Market аркылуу бекер жүктөп алса болот. Тиркеменин бет ачары бүгүн Бишкекте өтмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG