Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

АКШда испан жамаатынын алгачкы өкүлү Жогорку Сотко келе жатат


Соня Сотомайор Сенаттагы угуу алдында ант берип жатат, 13-июль, Вашингтон.
Соня Сотомайор Сенаттагы угуу алдында ант берип жатат, 13-июль, Вашингтон.

АКШ Сенатында өлкөнүн Жогорку Сотунун мүчөлүгүнө Соня Сотомайорду дайындоо боюнча угуулар башталды. Сенат президент Обама тарабынан көргөзүлгөн бул айымдын талапкерлигин бекитсе АКШ тарыхында латынамерикалык жамааттын Жогорку Сотко барган туңгуч өкүлү болот.

Элүү беш жаштагы Соня Сотомайор айым түбү - Пуерто-Рикодон. АКШга ушул өлкөдөн келген иммигранттардын жакыр үй-бүлөсүнөн чыккан. Атасынан тогуз жашында жетим калыптыр. Энеси Селина Сотомайор кызына татыктуу билим бериш үчүн миллиондогон башка иммигрантардай эле эки жумушта иштеген.

Кошмо Штаттардын 220 жылдык тарыхы бар Жогорку Сотундагы бошогон орунга жаңы судьянын дайындалышы кадимки эле көрүнүш болуусу мүмкүн. Бирок президент Барак Обама тарабынан бул кызматка испан тилдүү жамааттын алгачкы өкүлү көргөзүлүп, эми Сенатта анын талапкерлигинин талкуулана башташы АКШ дагы улуттук азчылыктардын турмушундагы дагы бир тарыхый бурулуш катары каралууда.

Буга кошумча Жогорку Соттун мүчөлүгүнө жаңы талапкердин башкалардан айрымаланган дагы бир өзгөчөлүгү айтылып жатат. Адатта АКШда Жогорку Соттун судьялыгына келгендердин көбү университеттердин укук тануу факультеттеринде иштеген интеллектуалдар менен илимпоздор болот экен. Соня Сотомайор айым да АКШда өтө кадыр-барктуу деп эсептелген Принстон жана Йель университеттерин бүтүргөн, бирок практик-юрист.

Сот системасындагы тажрыйбасы он жети жыл экен. Сотомайор айым 2001-жылы эле “турмуштук тажрыйбасы бай, акылдуу латынамерикалык аял көп учурларда чыныгы турмушту билбеген ак эркекке салыштырмалуу ийгиликтүү чечим кабыл алат”, - деген сөздөрү үчүн жаңжалга да кабылыптыр.

Сенаттагы кечээги угуу учурунда демократ сенатор Даяна Фейнштейн талапкердин дал ушул турмуштук тажрыйбасы жана бай тарыхы соттун пайдасына иштээрин белгиледи:

- Мен сиздин мыйзам жаатындагы билимиңиз жана тажрыйбаңыз мыкты деп ишенем. Федералдык соттогу он жети жылдык ишиңиз учурунда 3000дей аппеляциялык арызды карапсыз, 450дөй сот жараянын өткөрүпсүз. Демек мен сиз тажрыйбаңызды жана философияыңызды Жогорку Сотко алып келет жана бул өз кезегинде ушул бийик институтту чыңдайт деп ишенем.

АКШ президенти Барак Обама Сотомайорду Жогорку соттун мүчөлүгүнө көргөзүп жаткан учур. 26-май, Вашингтон.


Демпартиянын өкүлү болгон сенатордун бул айткандары президент Барак Обаманын да Сотомайорду мактоосуна үндөшүп турат. Обама аны ”акылы ашынган, мыйзамды беш колдой билген адис” деп мүнөздөө менен катар ал соттордо “боору оруган” сезим болушун бааларын жана мындай касиет Сотомайордо бар экенин айткан эле. Бирок оппозициядагы республикачылардын көбү мындай талапкер иши оңунан чыкпай турган доогерлердин пайдасы үчүн мыйзамды көзгө илбей коёобу деп тынчызданышууда.

Республикачыл сенатор Чарльз Грэссли талкуу учурунда ал өзү атагандай “соттун коомдогу ролун” эске салды:

- Биз талапкер мыйзамды жана Конституцияны чын ниетинен, калыс жана бейтарап түшүндүрөрүнө толугу менен ынангыбыз келет. Өз эмоциясын четке таштап, баарына бирдей сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жараянды сокур жана калыс башкара билүү - Жогорку Соттун судьясы үчүн эң башкы сапат.

АКШ Сенатындагы дүйшөмбү күнү талкуу учурунда талапкердин өзүнө да сөз тийди. Сотомайор он жети жылдык соттук тажрыйбасы учурунда өзү кабыл алган чечимдердин кесепеттерине да күбө болгонуна токтолду:

- Кайсыл доогер болбосун анын кызыкчылыгына жооп берүү үчүн кабыл алынбаган чечимдер, бирок дайыма бейтарап сот адилеттүүлүгү үчүн кызмат кылат. Өткөн айларда көп сенаторлор менден соттук философиям жөнүндө сурап жатышты. Бул абдан жөнөкөй эле: мыйзамга берилгендик. Соттун милдети мыйзам жасоо эмес, мыйзамды колдонуу.

Сотомайордун талапкерлиги боюнча угуу АКШ Сенатынын сот иштери боюнча комитетинде бүгүн суроо-жооп менен уланары күтүлүүдө. Талкуунун өзү бир нече күнгө созулуусу мүмкүн. Айрым республикачылардын каршылыгына карабай, Сотомайор айымдын талапкерлиги Сенатта акыр аягында колдоо тапчыдай. Анда ал АКШнын 9 мүчөдөн турган Жогорку Сотунда испан тектүү жамааттын туңгуч өкүлү болуп калат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG