Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Байден АКШ Грузияны колдойт деп ишендирди


Байдан Саакашвили менен, маанай былтыркыдан кыйла жакшы.
Байдан Саакашвили менен, маанай былтыркыдан кыйла жакшы.

АКШнын вице-президенти Жо Байден кайрадан Вашингтон Грузияны колдойт деп ишендирди. Байден учурда Тбилисиде жүрөт.

Байден акыркы жолу Грузияда былтыр августта, орус-грузин согушунун мезгилинде болгон эле. 23-августта ал Тбилисиде президент Майкл Саакашили менен журналисттердин алдына чыкты. Байден Грузияга асманда орустардын согуштук учактары учуп, алыста бомбалоонун добушу угулбай калганда кайтып келгенине кубанычын билдирди:

– Мен Грузияга кандай шартта болсо да келмекмин, бирок бүгүн президент Обаманын өтүнүчү менен, биз силерге боордош экенибизди билдирели деп келип отурам. Кеп келечек жөнүндө болуп жатат. Биз, силерге ошол келечекти курууга, көз карандысыз, күчтүү жана бардар турмуш курууга жардам бергибиз келет.

Ал эми Саакашвили Орусия менен алакасын жаңыртуу үчүн жакында АКШ президентинин Москвага барышына тынчсызданууга негиз жок деп ишендирди:

Мен президент Обамага Москвада катуу позициясынан жанбандыгы үчүн ыракмат айткым келет. Ал бүгүн, 21-кылымда, кызыкчылыктар чөйрөсү болбош керек дебедиби. Грузия сыяктуу өлкө үчүн бул сөздөр кулакка айрыкча жагымдуу угулуп жатпайбы. Биз Обамага моралдык лидерлиги жана бул маселеде айдан-ачык полизициясы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Грузияда Роза төңкөрүшүнөн кийин демократиялык институттердын өнүгүшү көпчүлүктүн купулуна толгон жок, анан былтыркы согушта өлкө Абхазия менен Түштүк Осетиядан ажырап калды. Ушуга байланыштуу Грузияда оппозициялык чыгуулар күч алды. Бирок өлкөнүн НАТОго жана Европа Биримдигине кошулушу боюнча оппозициянын бийлик менен пикири бир. «Биздин Грузия – Эркин Демократтар» партиясынын жетекчиси, өлкөнүн БУУдагы мурдагы элчиси Ираклий Аласания мындай асыл максатка жетүү үчүн өкмөт менен оппозициянын мунасага келишин сунуш этти:

- Соңку айлардагы демонстрациялардан сөз кылаарлык майнап чыккан жок, бирок алар бир нерсени көрсөттү. Өкмөт жалгыз бул кризисти жөндөй албайт. Биз, оппозициядагылар, көчөгө чыгып, президенттин кетишин талап кылуу менен максаттарыбызга жете албай турганыбызды түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан кызматташып, ийри отуруп, түз кеңешип иш кылганыбыз оң.

Президент Саакашвили Байденден алдыңкы куралдарды, аскердик жардам, Абхаз, Түштүк Осетия жумурияттары менен чек арага байкоочуларды жиберүүнү сурайт деп күтүлүүдө. Бирок Байден Тбилисиде жүргөндө Москва Грузиянын былтыр жок кылынган куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү аракетине каршы конкреттүү чара көрүлөт деп жыландын башын кылтайтты.

Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасиндин «соңку жылдары биз айрым өлкөлөрдүн «гумжардам демиш болуп, Грузия менен согуштук кызматташтыгын жашырууга аракеттенгендигин байкадык» деген сөздөрүн келтирди ИТАР-ТАСС кабар агенттиги.

XS
SM
MD
LG