Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

1974-жылдын 8-августунда АКШнын 37-президенти Ричард Никсондун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсүнө “Уотергейт чыры” себеп болгон.

1972-жылдагы кезектеги президенттик шайлоо жарышы кызып турганда АКШдагы демпартиянын талапкери Жорж Маквергендин шайлоо кеңсеси жайгашкан Вашингтон шаарынын «Уотергейт» (Watergate) мейманканасында беш адам кармалган. Алар суу түтүгүн оңдогучтар сыңары кеңсенин кошумча эшигинен киришкен. Жасалма “оңдогучтар” кеңсеге тыңшоочу жабдыктарды орнотуп, партиянын иш-кагаздарын сүрөткө тартып жаткан жеринен кармалып калышат. Бул окуя америка коомчулугунун үрөйүн учуруп, шайланган президент Ричард Никсондун саясий тагдырына балта чапкан “Уоттергейт” чырынын башы эле.
Ричард Никсон

Бул ишти изилдөө Федералдык иликтөө бюросуна (Federal Bureau of Investigation) тапшырылып, бюро жетекчи орун басары Марк Фелттин көзөмөлүндө болгон. Иликтөө иши эки жылдан ашуун жүргүзүлүп, “Вашингтон пост” (The Washington Post) гезитинин журналисттери Боб Вудвард жана Карл Бернстайн өз маалымат булагына таянып, окуя тууралуу үзгүлтүксүз америка коомчулугуна жеткирип турушкан.

1972-жылы ноябрь айында Ричард Никсон президенттик шайлоодо экинчи ирээт жеңишке жетет. Ал эми 1973-жылы “Вашингтон пост” гезити баш болгон бир катар маалымат каражаттарына жарыяланган макалалар АКШ Сенатын “Уоттергейт” окуясына кайрылууга түрткү берген. Эми Сенат ишти иликтөө үчүн атайын комитет түзүп, бул чырга президент Никсондун жана анын адамдарынын тиешеси бар-жогун текшерүү милдетин жүктөгөн. Президент жана анын тегерегиндегилер иликтөөнү токтотууга аракет кылышканы менен андан майнып чыккан эмес.

Иликтөө учурунда талапкер Никсондун шайлоо корунан демократ атаандаштарына тыңчылык кылууга каражат бөлүнүп, атайын даярдыктагы топ Борбордук чалгын башкармалыгынын (Central Intelligence Agency) колдоосу менен чогуу аракеттенгени ачыкка чыгат.

Ошол эле жылы “Уотергейт" мейманканасында кармалган бешөөнө дагы жыйырма бир киши кошулуп сот иши башталат дагы, сот жараяны бүткүл өлкөгө сыналгы аркылуу көрсөтүлүп турат. Күнөөлүүлөрдүн арасында президент Никсондун жакын кеңешчилери, АКШнын башкы прокурору да болгон. Ал эми демократтар болсо көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, президенттик администрациянын дагы бир топ мүчөлөрүнүн бул ишке тиешеси бар экенин аныкташкан.

1973-жылдын июль айында Сенаттын комитети Никсондун кеңсесиндеги бардык сөздөрү үн жазгычка түшүрүлүп турганын, анда “Уоттергейт” мейманканасы тууралуу да сүйлөшүүлөр бар экенин тыянактайт. Президент Никсон болсо аткаруу бийлигинин артыкчылыгына таянып өзүндө сакталган үн жазылган табактарды тергөөгө берүүдөн баш тартат. Бирок АКШ Жогорку Соту президентте мындай артыкчылык жоктугун тастыктаган бүтүм чыгарып, үн жазылган табактар прократурага берилсин деген чечим чыгарат.

1974-жылдын 5-августунда Никсон бир нече үн табактарын тергөөгө берүүгө аргасыз болот. Андан соң президенттин “Уоттергейт” окуясына түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталып, өлкө жетекчиси бул тууралуу дээрлик эки жыл калп айтып келгени ачыкка чыгат. Кийинки жылдын февраль айында АКШнын Өкүлдөр Палатасы президент Никсонго карата импичмент жарыялоо тууралуу токтом кылат.

Үч күндөн кийин, тактап айтканда 1974-жылдын 8-августунда президент Ак үйдүн кызматкерлерине кайрылуу жасайт: “Сиздер бул жерде бизге кош айтуу үчүн турасыңар жана бизде - англис тилинде мындай жагдайда айтыла турган жакшы сөз жок. Эң ылайыктуусу – саламатта тургула [“au revoir” - фрацузча]. Көрүшкөнгө чейин...” - деп баштаган сөзүндө Ричард Никсон өз ыктыяры менен президенттик кызматтан кетээрин өлкөгө жарыялайт.

Ошентип, 9-августта Никсон расмий кызматтан кетип, анын ордуна вице-президент Жерольд Форд өлкө башчысынын кызматын аткарып калат.

Мына ошондон тарта «Уотергейт» деген сөз саясий сөздүккө кирип, өлкө жетекчисинин тиешеси бар чуулгандуу окуяларды түшүндүргөн эл аралык термин болуп калды. Соңку саясий тарыхтан болсо президент Рейгандын тушундагы Ирангейт, Клинтондун Моникагейт, постсоветтик өлкөлөрдө Кучмагейт, Казакгейт, Матрёшкагейт деген саясий чырларды атаса болот.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG