Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

АКШнын президенти Барак Обама 24-ноябрда Ак үйдө Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх менен маанилүү сүйлөшүү жүргүзөт. Эки жетекчи Индияга коңшу Пакистандагы талибдер менен согуштан тартып, Обама жакында Азияны кыдырганда Индияга кайрылбай кеткендигинин себептерин сөз кылышууда..

Бул сүйлөшүүгө байланыштуу Азаттыктын суроолоруна түбү индус саясат таануучу, Эл аралык Тынчтык боюнча Карнеги корунун Азия бөлүмүнүн изилдөөчүсү Эшли Теллис жооп берди.

- Президент Барак Обама премьер-министр Манмохан Сингхти Индиядан чочулоосуна негиз жок деп Пакистанды ишендирүүгө үндөйбү?

- Мында Индиянын колунан эчтеме келбейт. Пакистан Индия менен чек арасына аскер жайгаштырган, бул өлкө Индиядан каалаган убакта кол салуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Бирок мындай тынчсызданууга негизди мен көрө алган жокмун. Менимче эл аралык байкоочулар да Пакистанга коркунуч сырттан эмес, өлкөнүн өзүндө деп ишенет. Ошондуктан, (бул Пакистандын иши), мында Индиянын колунан көп нерсе келбейт.

- Сиз Обамага Индияны Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү кылып алууга чакырууга кеңеш берген элеңер, бул пикириңиздин маани-мазмуну эмнеде?

- Мен муну бир нече себептен улам сунуш кылгам. Биринчиден, мунсуз мүмкүн эмес. Келерки 10 жылдыкта Коопсуздук кеңешинин катары өспөй койбойт. Кеңейтилген Коопсуздук кеңешин мен Индиясыз элестете албайм. Экинчиден, АКШ Индияны бир катар дүйнөлүк демилгелерде шерик деп санайт. Индия Коопсуздук кеңешине кирсе, АКШнын кызыкчылыгынан алганда, маанилүү кадам болуп калмакчы.

- Айрым маалымат каражаттары Обама жакында Азияны кыдырганда Индияны көзгө илген жок дегендей мааниде жазышты. Ал сапарында Индияны бир да жолу атынан да атаган жок. Буга кандай баа бердиңиз?

- Бул атайын болду деп ойлобойм. Максат - Индияга далысын салуу болгон эмес. Бирок Обаманын Индияга кайрылбай кетишин Нью-Делиде, албетте, баамдашты. Эми азыркы сапарда президент Индияны Азиядагы геосаясаттын абдан маанилүү оюнчусу деп санаарын ачык-айрым билдириши керек, менимче, Обама дал ушундай кылат.

- Айлана-чөйрөнү коргоого келсек. Индияга Батыш, анын ичинде Кошмо Штаттары абаны булгаган газды азайтуу боюнча көп кысым көрсөтүп келет. Бирок Индия абаны биринчи кезекте булгаган Батыш болгон, азыркы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюга да ошол өлкөлөр катышсын деген позицияда болуп келатат. Ушул көз караштан алганда Индия коншусу Кытай Батыш өлкөлөрү менен бирдикте бул маселени ордунан жылдыра алышабы, жокпу?

- Менимче, азыр ар ким мышык-чычкан ойноп жатат. Баары, «Сиз өтүңүз, жок сиз өтүңүз» деген ыксыз сыйчылдын кейпин кийген. Башкача айтканда, биринчи сизди көрөлү, анан биз эмне кылаарыбызды айтабыз деп турушат. Менимче, мындан эч ким утушка ээ болбойт.

- АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун маалында, Индия менен АКШ жарандык ядролук энергия тууралуу маанилүү келишимге кол койгондон кийин, эки өлкөнүн ортосундагы ондогон жылдардан берки өз ара ишенбөөчүлүктүн «музу» эриген эле. Ал келишим боюнча Обама Буш менен бирдей ойлонобу?

-Менимче бирдей ойлонот. Президент Буш Индия менен түзүүгө жетишкен ядролук келишимдин мураскору Обама болуп калды. Менин пикиримде, Индиянын буга чейинки чочулоосу негизсиз болуп чыкты. АКШ Нью-Делиге берген убадаларынын эч кайсынысынан Обама баш тарткан жок. Ал алга жылууга жан-дили менен колдоо көрсөтүп жатат, бул эки өлкөгө бирдей пайдалуу.
XS
SM
MD
LG