Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Обаманын демилгеси Чыгыш Европаны жүрөк заада кылды


Обама Москвага келгенде Путин менен чай үстүндө баарлашты.

Обама Москвага келгенде Путин менен чай үстүндө баарлашты.

АКШ президенти Барак Обама Орусия менен алаканы жакшыртууну өзүнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары атаган.

Бирок кезинде советтик блокко кирген Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүндө Вашингтон бул үчүн аларга көргөзүлүп келинген колдоону курмандыкка чалабы деген кооптонуу жок эмес.

Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнүн мурдагы лидерлеринин жоон тобу АКШ президенти июлда Орусияга Москва менен Вашингтондун мамилесин “кайра жандыруу” деп мүнөздөлгөн саммитке келгенинен көп өтпөй эле Барак Обамага ачык кат жолдошкон. Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел, Польшанын мурдагы президенти Лех Валенса өңдүү кат ээлери алардын демократиясы жаш өлкөлөрү кептелип турган коркунучка терең тынчыздануусун билдиришкен болчу.

Андай коркунучтар катары Обамага жолдонгон ачык каттын ээлери Орусиянын “алардын коопсуздук боюнча тандоосун аныктоодо артыкчылыктуу абалга” ээ экендиги жөнүндөгү ырастоосун, өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, Чыгыш жана Борбордук Европанын транс-атлантикалык багытына чакырык таштоо үчүн Москва экономикалык согуштун энергия берүүнү токтотуп салуудан тартып, саясий мүдөөнү көздөгөн инвестиция, паралоо, маалымат каражаттары менен манипуляциялоо өңдүү жашыруун да, ачык да ыкмаларын колдонуп жатканын” белгилешет.

Рычагдарды колдонуу

Маселен Молдова жакында коммунисттер парламенттик көпчүлүктөн ажыраган шайлоону утурлай Москва өлкөнүн коммунисттик өкмөтүнө 500 миллион доллар убада кылган. Бирок мындай убада кызмат мөөнөтү аяктаган президент Воронин Евробиримдиктин Молдова менен анын европалык коңшуларынын алакасын чыңдоону максат кылган Чыгыш өнөктөштүгү программасын сынга алган соң берилген.

Медведев Воронинге колдоосун көргөзүүдө.


Москванын таасири Молдовада саясатта эле эмес, бизнесте да сезилүүдө. Ишканалардын көбү Орусиянын мамлекет көзөмөлдөгөн компанияларына же Кремлге байланышы бар олигархтардын колуна өттү. Жергиликтүү экономист Татьяна Ларушиндин айтымында, Молдованын маалымат каражаттарынын да 75%ы азыр Орусиянын менчигинде жана Кремлдин пропагандасын жүргүзүүдө:

- Бул жерде биздин жолубуз болбой калды. Орусия өзүнүн мамлекеттик корпорациялары аркылуу биздин тышкы саясатты жүргүзүп жатат.

Бирок Москванын Молдовадагы негизги көзүрү анын жикчил жана орусиячыл аймагы – Трансднестрди колдоосу. Президент Воронин Евробиримдиктин Чыгыш өнөктөштүгү программасын сынга алгандан көп өтпөй эле Кремль аны жана Трансднестрдин лидерлерин Москвага сүйлөшүүгө чакырды.

Молдовалык саясий аналитик Игорь Мунтианунун айтымында, Кремль Молдовага таасир көргөзүү рычагдарын өлкөдө саясий өзгөрүүлөргө жол бербөө үчүн колдонуп келет. Андай өзгөрүүлөрдү Орусия өз кызыкчылыгы үчүн коркунуч деп эсептейт:

- Алар Молдованын улуттук элитасынын, Компартия лиделеринин алсыз жактарын өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу, Евробиримдиктин саясатына каршы чара көрүү үчүн пайдаланууга аракеттенүүдө.

Айтор Москванын Молдовадагы аракеттери Орусиянын жакынкы чет өлкөлөр боюнча кеңири саясатын чагылдырып турат. Кремль ошол эле Молдова менен Грузиядан вино, Беларустан сүт азыктарынын импортун токтотуп, Украинга газ кранын жаап койгон учурлар болду. Бирок Түштүк Осетиянын айынан Грузияга кол салуусу, Орусия өзү атагандай “артыкчылыгы бар кызыкчылык чөйрөсү үчүн аттанса”, Вашингтон четте кала береби деген кооптонууларды жаратпай койгон жок.

Кызыкчылыктар чөйрөсү

Чехиянын Европа иштери боюнча министри Стефан Фюле Обамага жолдонгон ачык катка маани бербөө жаңылыштык экенин белгилейт:

- Факт - өз өлкөлөрүнө кызмат кылган белгилүү адамдардын ушундай кат жазуу маанилүү деп эсептешкени жана бул Европанын ушул бөлүгүндө ошондой тынчыздануу бар экендигин чагылдырууда.

Чех министри Фюле кошумчалагандай, Обаманын Орусия боюнча жаңы саясатынан кандай реалдуу натыйжа чыкканына баа берүү азырынча абдан эртелик кылат. Бирок анын көз карашында, ошол саясат Вашингтон талаштуу маселелер боюнча турумунан тайбай, чечкиндүү турса гана ийгиликке жете алат:

- Бул таасир көргөзүү чөйрөсүн калыбына келтирүү боюнча аракеттерди олуттуу түрдө четке каккан күчтүү саясат менен коштолсо гана реалдуу.

Көз караштардын айырмачылыгы

Бирок айрымдар Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн дүйнөгө карата көз карашында фундаменталдык ажырым бар экенин эске алганда, Вашингтон ишке ашыра алгыс милдетке туш келип турганын белгилешет. Орусия Думасынын мурдагы көз карандысыз депутаты Владимир Рыжков мындай дейт:

Владимир Рыжков Орусиянын кээ бир аракеттери ички саясатка негизделген деп эсептейт.


- Путиндин режиминин идеологиялык негизи советтик үлгүнү толугу менен кайталайт. Бул антилибералдык, антиамерикалык жана Батышка каршы пропаганда. Ошондой эле либералдык баалуулуктарды жана демократияны дискредитациялоо.

Рыжковдун пикиринде, Орусиянын сырттагылар үчүн түшүнүксүз көрүнгөн аракеттери өлкөнүн өзү эмес, анын лидерлери үчүн пайдалуу. Мисалы быйыл январда Украинага газ берүү токтотулуусу менен кыштын кыраан чилдесинде Европанын тургундарына да көгүлтүр от жетпей, камсыздоочу катары Орусиянын беделине доо кетти. Газпром бир миллиард доллардан ашуун кирешесин жоготту. Бирок орусиялыктар арасында катаал жигит катары азыркы премьер-министр, бирок бийликтин эки тизгин бир чылбыры али колунда деп эсептелген Путиндин кадыр-баркын көтөрдү.

АКШ президенти Барак Обама июлда Орусияга келген учурунда өз ара алакадагы туңгуюктан чыгуу лидерлер менен эле эмес, коомдун калың катмары менен карым-катнашты талап кыларын ишара кылып, ишкерлер, оппозициячыл саясатчылар, адам укугун коргоочулар менен жолуккан болчу.

Мурдагы көз карандысыз депутат Рыжков ошол жолугушууда Обаманын аракеттерин мактагандардын бири болгон. Бирок анын айтымында, ал аракеттерден Москва менен Орусиянын мамилесине эч таасир тийген жок:

- Обаманын Москва визити балким америкалык администрация күткөн натыйжаны берген жок. Тараптардын туруму дээрлик мурдагыдай эле калды, эч кандай прогресс болгон жок.

Бул аралыкта Европанын мурдагы советтик блоктогу өлкөлөрү Москванын кезектеги ыктымал интервенциясынан кооптонушууда. Көпчүлүктүн ишениминде, ал кайра эле Украина болуусу мүмкүн. Анткени январдагы шайлоо өлкөнүн болочок багытын аныктоосу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG