Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

АКШ Борбордук банкы «тилла заемдорду» сатып алат


АКШ Федералдык банкынын төрагасы Бен Бернанке
АКШ Федералдык банкынын төрагасы Бен Бернанке

АКШнын Борбордук банкы 1, 2 триллион долларга мамлекеттик "тилла заемдерду" сатып аларын жарыялады. Теңдешсиз чара кредит берүүнү жакшыртуу жана экономиканы жандандыруу максатын көздөйт. Бирок эркин акчанын көбөйүүсү болочокто инфляцияга шыкак болуусу жана долларды арзандоосуна алып барышы мүмкүн.

Кошмо Штаттардын Борбордук банкынын өкмөттүк бондорду сатып алуу чечими америкалыктар арасында мээ кайнаткан аптапта жааган кардай таң калычтуу кептерди жаратты. Муну америкалыктар асмандан кап-кап акча чачуу, казынанын күлү асманга сапырылып өрттөнүүсүнө, кумар ойноп башын жоготууга салыштырышууда.


Федералдык банк жарыяланган планга ылайык, жарым жыл ичинде 300 миллиард долларга узак мөөнөттүк өкмөттүк бондорду же «тилла заемдорду» жана 850 миллиард долларга ипотекалык заемдерду сатып алмакчы. (Акыркы айларда Федералдык банк ипотекалык банктардын куну качкан баалуу кагаздарын бир кыйла эле сатып алган). Натыйжада, ишкерчилик үчүн бергенге эркин акча табылат.
АКШ Федералдык банкынын 1, 2 трилион долларга өкмөттүк бондордду сатып алуу чечимин Британиянын Кардифф экономика университетинин изилдөөчүсү Патрик Минфорд мындай баалады:

-Албетте бул чоң акча. Бул чара мүмкүн болушунча акчаны жеңилдетүүнү көздөйт. Азыр кредиттин кайтарым акысы эң төмөнкү деңгээлде турат.

Федералдык банктын кредит акысы азыр 0, 25 процент. Арзан кередит Борбордук банктын оор абалдагы экономикага «дем берчү» негизги куралы.

Узак мөөнөттүк өкмөттүк бондорду же «тилла заемдорду» сатып алуу-алардын баасын жогорулатууга жана кирешелүүлүгүн төмөндөтүүгө да багытталган. Бул иппотекалык карыздарды төлөөгө да оң таасир этет. Баса, Англия банкы, ошондой эле Япония банкы да өкмөттүк бондорду сатып алышууда.

Бирок банктар «тилла заемдон» түшкөн акчаны кредитке бербей басып жата бериши да этимал деген кооптонуу бар. Ошентсе да, АКШ Борбордук банкынын теңдешсиз кадамы ийгиликтүү болоруна Мюнхендин “Ünicredit” банкынын талдоочусу Корнелиус Пюпс ишенет:

- Федералдык банкта акча чыгарчу машинеси жана башка нерселери бар. Менде жана америкалык миллиардер Уоррен Баффетте андай машинебиз жок. Ошондуктан, Федералдык банк ар кандай таймашта жеңип чыгат.

Серепчилер АКШ Борбордук банкы акча чыгарчу машинени иштетип, инфляцияны камчылаарын, рецессия, дефляция жана банк кризисин болтурбай койо албасын айтышат.

Борбордук банктын акча массасын көбөйтүүсү долларды арзандатышы калетсиз дешет талдоочулар. Чынында эле Банк «тилла заемдерду» сатып алаарын жарыя кылгандан кийин доллар бир күндө соңку 20 жылда болуп көрбөгөндөй наркын жоготту.

XS
SM
MD
LG