Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Санпа окуясы боюнча дагы бир адам соттолду


Санпа каргашасына арналып тургузулган эстелик.
Санпа каргашасына арналып тургузулган эстелик.

Сузак райондук сотунун чечими менен 2010-жылы июнь окуясы учурунда Санпа каргашасын уюштурду делгендердин бири Латипжан Халмирзаев өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук соттон “Азаттыкка” билдирди.

Халмирзаевге 2010-жылдын 12-13-июнь күндөрү Ош-Бишкек жолунун боюндагы Санпа пахта тазалоочу заводунун жанында адамдарды өлтүрүүгө катышкан деп издөө жарыяланып, эки жыл мурун Сузак айылында жашырынган жеринен кармалган. Анын күнөөсү толук далилденгенин соттон кабарлашты.

2010-жылдын 12-июнь күнү Ош – Бишкек жолундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголгон.

Ошондой эле тогуз автоунаа өрттөлгөнү айтылган. "Санпа" окуясына тиешеси бар деген 19 адам кармалып, алардын 17си өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.(RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG