Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

"Манастын" Транзиттик борбордон көргөн пайдасы канча?


АКШнын Транзиттик борбору "Манас” эл аралык аба майданынын ижара акысын көбөйтүп төлөөдөн баш тартууда.

Бул жөнүндө "Азаттыкка" “Манас” эл аралык аба майданынын президенти Бакыт Сыдыков билдирди.

- Бүгүнкү күндө өздөрүнүн учактарын курабыз деген тендер өтүп бүттү. Аны бир түркиялык компания утуп чыгыптыр. Анын аты-жөнүн бизге официалдуу бере элек. Бирок биздин негизги перрондон өздөрүнүн жаңы курган перронун алып кетишет. Демек, бул жерде биздин граждандык авиациялардын учактарына эле иштейт өзүбүздүн перрон. Жаңы перрондо булардын учактары учат.

- Мурдагыдай кагылыш коркунучтары болбойт турбайбы?

- Жок андай болбойт.

- Менин түшүнүгүмдө перронду курганга тендерди америкалыктар өздөрү өткөрүштү?

- Ооба, муну бир жыл мурун өткөрүшкөн. Дагы эле баягыдай болуп атат. Кыргызстандагы иштеп аткан тажрыйбалуу подрядчиктер тендерге кирип уталбайт дагы, кайдан бир түрктөр утуп алып туруп, биздин мекемелерди субподрядчик кылып алышат. Ошого биз кичине нааразы болуп атабыз. Азыр америкалык жак менен сүйлөшүп атабыз мунун баардыгын.

- Контролдук-дисперчердик пунктарды жаңылап бердик деген маалыматтар айтылды. Канчалык деңгээлде ошонун чындыгы бар?

- Бул аэропорт “Манаста” эмес, бул Кыргызаэронавигацияда. Чындыгында буга түздөн-түз акча берилген жок. Жылына мамлекеттин бюджетине төлөнгөн 17 жарым миллион доллар акчадан президент өзү алты жарым миллион бөлүп берди бизге. Ошонун эсебинен Кыргызаэронавигацияда жаны диспечердик пункт ачты, жаңы локатор койду. Мындайча айтканда, ушулар эле мамлекетке төлөгөн акчадан мамлекет өзү бөлүп берип, ошол ишке ашты.

- Жаңы келишим боюнча транзиттик борбор болгондон кийин дагы бир башкача келишимдер бар да “Манас” аэропорту менен. Буларчы? Мисалы силерге өзүнчө ижара акы төлөө жагы?

- Бизге эми өзүңүздөр билгендей акционердик коом болгон үчүн учуп, отурганына, бул жердеги перронду тейлегенге, өздөрүнүн адамдарын Ооганстанга алып кетип кетип атканда тейлөө ишине төлөйт, башка эч нерсеге төлөбөйт. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимде жазылганы бүт аэронавигацияга, экологияга, анан дагы башкаларга болсо керек. Аэропорт “Манаска” биздин кылган жумушубузга гана төлөйт.

-Транизиттик борбор болгондон бери төлөндүбү ошондой акылар?

- Чындыгында мурунку келишимдер менен эле келатат. Азыр жаңы келишимдерге кудай буюрса 10-15 күндүн ичинде кол коербуз. Ошол жерде биз бааларын кичине көтөрдүк территориянын жана имараттардын ижара акысын, ал эми учуу-конуу акысы ошол бойдон калды.

- Тендер боюнча сиз айтып кеттиңиз, тендерди өткөргөндө биздин Кыргызстандын ишкерлери катышууга арыз ташташтыбы?

- Алты компания катышыптыр деген сөз угуп атам. Ошонун ичинен эки кыргыз компаниясы. Бирок дагы деле болсо чет элдик компания утуп кетип атпайбы. Мен официалдуу айтам, ошол эле биздин катышкан компаниялар эч кандай деңгээлинен дагы, кесиптик квалификациясынан деле ошол түрк компанияларынан калышпайт. Кыргызстанды колдош үчүн, ушул жерде иштеп атканы үчүн подрядчиктерге, элге жардам беребиз десе, ошол тендерди кыргызстандык подрядчиктерге берип койсо деле болот эле.

- Кыргыз аэропортунун канча гектар жерин булар ээлеп турушат ижарага алып?

- 103 гектар жерин, 31 миң квадрат имарат аянтын, 105-106 квадрат аэровокзалдык комплекстен ээлеп турушат.

- Эми жаңы келишим боюнча булардын төлөшү канча?

- Өзгөрүлбөйт, ошол эле бойдон калат. Азыр америкалык тарап караманча баш тартып жатат территориядан башкасын көтөрбөйбүз деп.
- Мурда канча эле?


- Жылына бир миллион бир жүз миң доллар түшчү эле. Биздин жаңы келишимде бир миллион сегиз жүз мин, болгону 70 пайызга көбөйтө алдык.

- Бирок баары бир көтөрүлбөйт?

- Ооба, көтөрүлбөйт.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG